Андарак айылында суу тартыштыгы жок. Ар бир апта сайын арыктарыбызга суу келип турат .Иш жүзүндө ар бир үйдө суу чоргосу чыгарылган. Арыктан келген суу элдердин эгиндерине, суугаруу максатында колдонулат.
Андарак тоолуу айыл болгондуктан суу өтө мол.Андарак тоонун арасында жайгашкандыктанбы суу маселеси али чыга элек. «Суу-өмүрдүн булагы» дегендей суу көп болгондугуна карабай элдер сууну сарамжалдап колдонушат.
Андаракка белгилүү «Көлөй» аттуу тообузда тунук мөлтүр булагыбыз бар. Ал булактын суусу таза дарылык касиети бар. Андарак өзүнүн булактары жана мөңгүлөрү менен белгилүү. Эриген мөңгү суусу түз эле айылыбызга келет.
Биздин булактардын суусун ичүү үчүн башка айылдардан да тоолорубузга келип кетет. Биз ушул өзүбүздүн булактарыбыз жана мөңгүлөрүбүз менен сыймыктанабыз. «Суусуз-өмүр жок» дегендей, биздин дагы «Кулкунек» аттуу булагыбыз бар. Анын өзгөчөлүгү адамдар ага барып сыйынып, тыйын таштап келишет.
Анын айланасы тосулуп, коргоого алынган. Адамдар аны дарылык касиети үчүн да пайдаланышат. Башка айылдардан атайын келишип бөтөлкөлөргө толтуруп алып кетишет. Буга чейин аны адамдар айланасына таш ыргытып, айланасы таштандыга айланган эле. Буга кейиген айыл өкмөт анын айланасын тосуп коргоого алган. Андарак айылына белгилүү «Саркент» тоосунда да булактын бар экени айтылып изилденип жатат. Бул тоодо да бир канча өзөндөр бар.
Даярдаган: Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине тапшыруу үчүн сынакка»