Мындан беш жыл мурун жергиликтүү айыл өкмөттөн эки гектар жерди ижарага алып, бакка айлантууну Роман Аширбеков колго алган. Какыраган, суу анда санда бир келген талааны көктөндүрүү көп мээнетти талап кылаарын Аширбеков ошондо сезген.
Бул бакка 800 түп кокон гилас, 400 түп өрүк, 160 түп алма, жаңгак, бадам жана алмурут көчөттөрүн отургузган. Көчөттөрдүн баары көктөгөн. Үй-бүлөсү менен белсенип көчөттөргө кам көрүп, бир жагынан өз балдарын жана туугандарын жумуш менен камсыз кылган.
«Көчөттөр көктөгөнүнө беш жыл болду. Ар кандай зыянкечтерге каршы даарылар менен даарылап, түбүн жумушартып, күчтүү азыктарды салабыз. Ошону менен бирге эле быйыл кокон гиласыбыз аз болсо да мөмө бере баштады», — дейт багбан Роман.
Ушунча бакты бак кылыш өзү чоң түйшүктү талап кылган. Көп акча каражаты сарпталган. Багбандын негизги максаты — айылда туруп чет жакка барбастан багбандык менен акча тапса болоорун далилдөө болгон.
Даярдаган: Курсантбек кызы Аймончок
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка