Үй-бүлөлүк бюджетти кантип туура пландап, максаттуу колдонуу керектиги тууралуу айыл тургундарынын бири Аюбжанова Шахноза билдирип өттү.

«Турмушка чыкканыма үч жылдын жүзү болду, жаш үй-бүлөлөбүз. Ар бир адам үй-бүлө кургандан кийин өздөрүнүн аз да болсо кирешеси же бюджети болот. Мен жолдошум менен максаттарыбыз бар, чакан бизнесибизди түзөбүз деген. Акча тапканга чейин мен ойлойм эсеп табуу керек анткени сиздин эсебиңиз болбосо тапкан акчаңыз көбөйбөйт»,-дейт Аюбжанова.
Шахноза айым кошумчалагандай Үч-Коргондо көпчүлүк адамдар бак дарак өстүрүп, түшкөн акчаны бизнестин ар кандай түрлөрүнө жумшашат. Бул киреше булагынын түрү дайыма оң натыйжа бербейт. Ошондуктан жаштардын көбү Оруся мамлекетине жумушка кетишет. Туруктуу жумуш болуусу үчүн зоводдор курулса деп үмүт кылып келишүүдө.
«Окуу жайды аяктагандан кийин эки жыл иштеп анан турмуш курдум. Үй-бүлөлүк шартымды оңдоп шартка карадым. Анткени ата-энемдин көзүнө карап калууну каалабадым. Мен бизнес түзүү жөнүндө бир чечимге келе элекмин бирок, үйлөнгөдөн кийин акчаны туура иштетип калдым мурда так эсебим жок болчу — дейт Үч-коргон айылы жалпы даарыгерлер борборунун даарыгери Мойдинов Сардарбек.
Даярдаган: Арипов Атабек.
Сүрөт: Интернет булактарынан алынды