Дарыгерлер 6 жаштагы Бегазтты бүгүнкү күндө толук сакайып кетүүсүнө жана операциядан чыгуусуна кепилдик бербей келишүүдө. Бул туурасында апасы Рано Мамажанова айтат.
“Биз балабызды алгач Ошко алып барып, ал жерде бир жарым жыл дарыланды. Ал жерде жылыш болгон жок ошол себептүү дарыгер операция жасоого болбой турганын жана балабыздын нерв системасына доо кетип бою өспөй, акыл эси артта калганын кийин билдик. Баламды операциядан чыгышына дарыгерлер кепилдик беришпей жатат», — дейт Бекзаттын апасы Рано Мамажанова.
Мамажанова баласынын оорусуна дабаа таппай, коңшу Өзбекстанга барууга аргасыз болгон. Ошол жактан Бекзатка глаукома деген диагноз коюшкан. Бекзаттын аталган дарттын айынан азыркы учурда көзү көрбөйт, эки колу иштебейт, кулагы да укпай калган.
Бекзаттын ата-энеси сакайып кетүүсүнө үмүт кылышат. Бүгүнкү күндө дарыгерлер бардык аракеттерин жасап жаткандыктарын да билдирип өттү Мамажанова.
Алты жаштагы Бекзатка дары-дармектерди сатып алууга жана чет өлкөдө операция жасатуу зарылчылыгы туулуп калган учурда да чоң суммадагы акча керектелет.
“Бекзаттын абалы чындыгында оор, отура албайт бираз отурса ыйлайт ооруну сезет ыйлайт күн сайын башыдагы чоңоюп барууда. Биз колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бекзатты толук сакайтырууга чындыгында кепилдик береалбайбыз”, — дешет дарыгерлер.
Даярдаган: Арипов Атабек