Учурда жаштардын ар тараптуу ишмердүүлүк менен алектенип жүрүшкөндөрү баарыбызга малым. Жаш болсо дагы ишмердүүлүктүн ачуу таттуусун, кыйынчылыктарын которуп ийгиликтерге жетишкендер да жок эмес. Алардын бири Суусамыр айылында ишкердүүлүк менен алектенип жүргөн Ислан Сатаркул уулу тигүүчүлүк аркылуу кандай ийгиликтерге жетишкендиги тууралуу айтып берип жана алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүштү:

«Тигүүчүлүк бул кадимкидей эле илхом. Мен дагы тигүүчүлүккө кызыгып 5 жылдан бери ар кандай төшөк, жууркан, улуттук көйнөктөрдү тигүү менен алекбиз. Ошентип тигүүчүлүк ишимди улантып азыр көп ийгиликтерге жетиштик десем болот. Азыр үй алдык, магазин ачып иштетүүдөбүз. Башында ишкердүүлүктү биз деле насыя алып баштаганбыз. Насыяны туура колдонуп ашыкча чыгым кылбай ушул ийгиликтерге жетишип жатабыз. Алдыда дагы цех ачуу сыякутуу көптөгөн пландарым бар. Ишке ашырам деген ойдомун.»

Ал эми Ислан Сатаркул уулунун ар тараптан колдоп турган апасы Эльмира Асанкулова уулунун тигүү иштерине өзү да жардам берерин айтты:

«Уулума өзүм ,кыздарым болуп баарыбыз жардам беребиз.Тигүү жактарын балам тигет, а мен көктөп берем. Көбүнчө кыздарга сеп жасайбыз, оймо-чийме түшүрүп төшөк тигебиз. Тигүүчүлүктөн тапкан акчабызды иштетип жатабыз. Кардарларыбыз көбүнчө Суусамыр айылы анын ичинде Кызыл-Ой айылынан көп тапшырык беришет. Кээде Чуйдөн да келип калышат.»
Ал эми азыр тикмечинин колунан жаралган буюм тайымдарын купулуна толо колдонуп жүргөн кардарынын оюн уксак:

« Мен бул тигүүчүнүн колунан жаралган буюмдарын колдонуп жүрөм. Өзүндө болгон тубаса талант деп ойлойм. Мага улуттук кыргыз көйнөгүн тигип берген эле. Ал мага абдан жагып азыркы учурда да кийип жүрөм. Бул байкенин өнөрүн баалйм, абдан жакшы тигет.»
Эгер адам ийгиликке жетем десе 1% өнөрү болсо, 99%ын эмгекке жумшоосу керек.
Даярдаган: Анарбек Калдыков, Зыйнат Самарбек кызы