Ар бир үй-бүлө – бул чакан мамлекет. Анда кирешелерди жана чыгашаларды туура бөлүштүрүү зарыл. Себеби туура эмес бөлүштүрүүдө үй-бүлөлүк бюджет көп чыгымдарга учурайт. Ар бир эле адам өз бюджетин туура бөлүштүрүп, киреше –чыгашасын эсептей бербейт. Чарбасындагы баардык киреше –чыгашалардын, эсеп- чотун алып,баарын көзөмөлгө алган адамдар айыл ичинде саналуу кана.
Үй-бүлөлүк бюджетин туура пландап,максаттуу колдонгон айыл тургунунун бири Шаршенбек Турсунбаев оюун төмөндөгүдөй билдирди.

“Бизде үй-бүлөлүк бюджет бир чөнтөккө түшөт.Иштеген балдарым,өзүбүздүкү,байбичем пенсионер.Ушулардын баарын ортого топтойбуз анан бөлүштүрөбүз.Быйылкы жылы эмне жасайбыз.Мисалы үчүн стройка кылсак,сыртка сарай салабызбы муну бөлүштүрөбүз. Экинчи окуган балдар бар,алардын контрагына бөлүштүрөбүз.Андан тышкары кийим-кечек,ичкен-жегенге кетет.Алма,ашпурт,абрикос,мал менен алектенем.Ошолордун жалпы үй-бүлөлүк бюджет 500000-600000 сом болот.Быйыл кайсы жумушту бүтүрүш керек.Ошол жумушка биринчи жумшайбыз.Сыртка бир сарай салып атканбыз,ошого 100000сом жумшаш керек.Андан тышкары жаӊы породадагы кой сатып алалы дегенбиз.Меринос ак кой, буга жумшайбыз.Быйылкы жылдын дагы бир кирешесинин бөлүгүн. Быйыл бирден-бир максат эӊ кичүү уулубузду үйлөнтүшүбүз керек. Ошого жумшайбыз. Основном быйылкы жылдын планы”.
“Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы” демекчи үй-бүлөдө аял кишинин оорду чоӊ. Себеби алар баарын көзөмөлдөп турат. Ал эми эркектер үчүн акча- бул өзүн көрсөтүүчү курал болуп эсептелет. Үй-бүлөдө баардык түйшүктү тартып, түшкөн каражатты теӊ бөлүштүрүп үй-бүлөнүн очогун булатып келе жаткан Айсулуу Мусалиева өз пикиринде төмөнкүлөргө токтолуп өттү:


“ Биз үй-бүлөнүн бюджетин чогуу чечебиз. Тамак ашка, балдардын кийим кечесине, мектепке, студент балабыздын жол киресин, үй-чарбасына, жем-чөпкө баарынан ашып калса чоӊ нерселерди алганга. Мисалы: машина, жер, стройка сыяктуу. Жолдошум экөөбүз теӊ иштейбиз. Биздин үй-бүлөнүн бюджети кышкысын жакшы акча болот. Жолдошум экөөбүз 20 жылдан бери тумак тигебиз, тери ашатып, тумак оӊдойбуз. Түйшүгүбүз көп, тынбай эмгектениш керек. Жазында дыйкан чарба, картошка, эгин менен алектенебиз. Андан сырткары тоок багабыз, өткөрөбүз, тоокту жөжөсү менен сатабыз, сүт өткөрөбүз. Үй-бүлөлүк бюджетке аялдардын үй-бүлөдө сарамжал болуш керек. Аялдардын түйшүгү көбүрөөк”.
Негизинен ар бир адам үй-бүлө мене бюджетти туура бөлүштүрүүгө милдеттүү. Ошондуктан ар бирибиз акчаны туура пайдаланууга тийишпиз. Сиздер үй-бүлөдөгү бюджетти кандай багыттарга бөлүштүрүү менен иш жүргүзүлүп жаткандыгына күбө болдуӊуздар. Сюжетти даярдаган жана алып барган Гүлкайыр Осмоналиева. Саламатта калыӊыздар.