
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы айдоочулар унааларын кышка карата даярдабагына сурамжылоонун жыйынтыгында күбө болдук. Көпчүлүгүндө жайкы дөңгөлөктөр кышкысына алмаштырылган эмес.
Кыштын экинчи айы башталгандыгына карабастан унаалардын жазгы дөңгөлөктөрү алмаштырылган эмес.
Айдоочулардан бул туурасында сурамжылоо жүргүзүп канаатандыралык жооп ала алган жокпуз.
Абдувалиев Шерзод Үч-Коргон айылынын тургуну. Быйыл кыш оор түшкөн жок, ошого байланыштуу жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштырган жокпуз дейт.
«Күн кээде ысып кетүүдө, кээде кар жаап жатат. Бирок, жолдор тайгак эмес. Ошондуктан шашкан деле жокпуз”, — дейт айдоочу Абдувалиев.
Жол кайгуул кызматкерлеринин билдирүүсүнө караганда, жол эрежелери жана авто унаалардын кышка карата даярдыктары күн ара текшерилүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин унаа кырсыктары каттала электигин айтты жол кайгуул кызматкери Алибаев.
“Бизде ички тартип катуу жүргүзүлөт жана рейддер өткөрүлөт. Кээде айрым айдоочулардын жоопкерчиликтерди сезбегендигинен ар түрдүү жол кырсыктары болуп турат. Ар бир айдоочу декабрь айы болушу менен суук болсо да, болбосо да дөңгөлөктөрдү алмаштыруусу шарт”, — деп билдирди Алибаев.
Боло турган кырсыкты же суукту эч ким алдын ала айталбайт. Ошондуктан унаа айдоочуларды жол эрежелерин сактап, кышка даярдыктарын күчөтүүгө чакырдык.
Даярдагандар: Юлдашева Ситора, Нишанова Назира
Сүрөттүн автору: Хасанова Ирода
Сынак үчүн