Сокулук районунун Сарбан айылынын тургуну Фарида Рахманова үйүнөн ар түрдүү кооз фигураларды жасайт. Бул өнөр менен алектенгенине 19 жыл болду.
Фарида Рахманова өзүнүн кызуугусу менен жыгачтан буюмдарды кооздоп жасоону үч айлык окуудан кийин жасай баштаган. Башында ал “Кыял” өнөрчүлүк фабрикасында иштеген.
Ал жактан айлык аз чыккандыктан, өз үйүндө ишмердик кылууну чечкен. Бул буюмдарды жасоо үчүн талант, шык болуш керек. Фарида Рахманова кооз фигураларды ак кайындан жана теректен жасайт.
Алардын чиймеси, боёгу жакшы болсо кымбат сатылат. Фигуралардын эң чоңу аяз ата жана аяз кыз. Алардын жасоо каражаттарын, окуу куралдар саткан жерден алат.
Мунун баарын Рахманова үй-бүлөсү менен чогу жасайт. Фигуралалардын бирөөсү Манас ата менен Каныкей апа. Көбүнчөсү Каныкей апанын үкү топусуна үкү кошуп жасалгандыктан улам адамдар көп кызыгышат.
«Калем сап койгучу менен экөө бир салынып жасалат, анан аны түгөйү менен сатылат», — деп толуктады ал.
«Теректен жасалган ак өң жакшы болот, ал эми ак кайындан жасалган болсо жол-жол сызыкчалар болуп калат. Мына бул ат фигурасы бар, бирок бул кымбатыраак болот. Тапшырык менен отуруп иштей берем, ошол эле учурда үй жумушуна да жетишем», — деп кошумчалады кол өнөрчү.
Ага кардалары байланышып тапшырык берип турат. Кайсы убакка бүтүрүш керек болсо түнү менен иштеп, таң атканча да иштей берээрин айтат ал.
Даярдагандар: Альбина Нурбек кызы, Дастан Джаркымбаев
Сынак үчүн