Мурзахмедова Наргиза Үч-Коргон айылында жайгашкан Садириддин Айни орто мектебинде жогорку класстарга орус тилинен сабак берип келүүдө.
«Мен азыркы учурда жайкы эс алууда болгондугума байланыштуу үйдө бош олтурбайын деп Үч-Коргон мультимедиа борборунда орус тилинен айылдагы жаштарга сабак берип эмгектенип келүүдөмүн. Бизге 14 жаштан 28 жашка чейинкилер келип билим алышса болот», — деди Мурзахмедова.Мурзахмедованын айтымында, сабактар акылуу, окуучулар үч ай толук окуган соң кошумча сертификаттар берилет.
Атаханова Дилдора аталган жайда орус тилинен билим алууда.
«Окуу жакшы. Келгениме бир ай толук болду. Орус тилин жакшы өздөштүрүп калдым. Сабактар кызыктуу, бул жерди бүтүргөн соң жакшы максаттарым бар»,-дейт ал.Орус тили боюнча окуу курсуна айылдын жаштары активдүү катышып келишүүдө. Жайдын күндөрүндө жаштардын бош убакыттарын туура пайдаланганга да бир топ жакшы болгонун айтышат айлдын тургундары.
Даярдаган: Сабыр уулу Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка