Быйылкы жылы республика боюнча дарбыз, коондор тез бышканы баарыбызга маалым. Бирок тез бышканына карабай бул дарбыздардын, коондордун даамы ошол сыңар ширин болуп келди. Бүгүн ошол дарбыз коондордун кантип каяктан келгенин жана акчасы канча сомго тураарын маалымдайбыз.
Быйылкы жылы дарбыздын жакшы же болбосо тез бышканын билүү үчүн айыл тургуну магазинчи дарбыз саткан Бактияр байкеден сурап келдик:
-Быйылкы жылы дарбыз коондор тез бышканы чын биз муну кантип тез бышырганын билбейбиз бирок оюмча бул дарбыздарга слитр бериши мумкун. Ал эми коон быйыл өз убагында эле чыкты анткени коон жылда орозо айында бышып чыгат эле. Бирок быйылкы жылы дарбыз тез бышканына карабай дарбыздын ичи мурдагынан да ширин болуп жатат. Бул дегеним дарбыз да өз убагына бышты. Азыр бизде дарбыз: 80-150 сомго чейин ал эми коон 100-150 сомго чейин буларды мен тажикстандан жана пас тараптардан алып келем. Эми элге айтаарым дарбыздын даамын жакшы жеп көрүш үчүн аны жарым саат суук-сууга салып анан жешин суранып кетет элем деп билдирди сатуучу Бахтияр.
Быйылкы жылы дарбыздар жакшы эле орозонун күнү ооз ачканга күндө алып жеп жатабыз.жакшы ширин эле сууга салып анан жеп жатабыз. Анан да дарбыздын акчасын кичине азыраак кылса жакшы болмок дейт айыл тургуну Арзыбек мырза.
Азыркы учурда айыл элине дарбыз кымбатка туруп жатат деген сунуштар келип жатты.
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»