Андарак айылында «Зымрат» тигүү цехи бар. Бул цехте азыркы убакта иш кызуу жүрүүдө. Бүгүн ошол цехке барып кененирээк билип келдик.
Бул цехтин ачылганына болгону бир ай болду. Ошол бир ай ичинде бул цехте иштеген айымдар көптөгөн адамдарга түрдүү фасондогу кыргызча, өзбекче, орусча үлгүдөгү акыркы заманбап кийимдерди тигип беришти.
Эми мындан ары бул эжелер дагы да алдыга умтулабыз дейт.
«Бир айда биз көптөгөн азыркы заманбап кийимдерди кыздарга, эжелерге жана жаш өспүрүм кыздарга тигип бердик. Бул жерде беш кыз иштейт. Беш кыз тең баары биринен бири жарышып, жумушун мыкты билген кыздар. Булардын көбү мектеп окуучулары. Каникулда өздөрүнүн мектеп формасына, тамак-аш, кийимдерине акча таба алышат. Кыздардын айлык маянасы канча тиксе ошого жараша баалап акчасын айына берип турабыз. Бул жерде эң жакшы тигүүчү Зарина атуу келин. Ал колунан көөрү төгүлгөн чебер айым», — деп билдирди цехтин башчысы Зымрат.
Бул жерде күнүнө бир топ заказдар келип турат. Ал эми азыр жай мезгилиндеги заманбап кийимдеги заказдар келип жатканын да кошумчалай кетели.
Эми мындан ары бул тигүү цехинен көптөгөн жакшы чеберлер чыгуусун каалайбыз!
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»