Юнусалиева Манзура Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал көп жылдардан бери жолдошу менен биргеликте багбанчылык менен алектенип келет.
“Бул жылы гиластан, өрүктөн жакшы түшүм алаган жокпуз бирок шабдалы жакшы, азырынча толук бойдон быша элек. Улам бышкандарын алып чыгып сатып жатабыз. Көп же аз деп айтуубуз да кыйын. Көп жерде көп, аз жерде аз. Бирок жакшы киреше алсак деген үмүтүбүз бар”, — деп бөлүштү Юнусалиева.Юнусалиеванын айтымында, Үч-Коргондо шабдалынын бир канча түрү бар. Алардан биринчиси Мукумжан абдан татту, данеги бат ажырайт. Мындан сырткары Элберт деп аталган шабдалынын түрлөрү бышып жетилет.
Жоробай Кочкоров Үч-Коргондогу бактардын биринде багбан болуп эмгектенет. Базар наркынан арзан баада сатабыз, жакшы мамле кылышса андан да түшүрүп беребиз, 50 сомдон сатсак 30 сомго да беребиз, дейт ал.
«Азырынча толук бойдон бышып жетилгени жок эми бышып баратат. Кызыл-Кыя шаарындагы базарга алып чыксак бизге сатканга жай беришпейт, ошондуктан чоң жолдун боюнда бышкан шабдалыларды сатуудабыз”, — деп бөлүштү Кочкоров.“Шабдалынын баасы бул сезондо 110 сомго жетти. Бирок азыр бир аз төмөндөдү, тиричилик кылуу кыйын ишенгенибиз ушул мөмө жемиштер башка кирешебиз жок», — дейт багбан Кочкоров.
“Мал бакпайбыз ушул дарактарды карап дарылап киреше алганга аракет кылабыз. Кээде жасаган эмгегибизди да актабай калат”, — деп билдиришти айылдык дыйкандар.
Даярдаган: Сабыр уулу Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка