Үч-Коргондо 21-март Нооруз жана жаз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди. Нооруз майрамы жылына Үч-Коргондо жайгашкан Достук клубунда өткөрүлүп, бул майрамда кыргыз, өзбек жана тажик улуттарынын өкүлдөрү катышышат. Бул ирет дагы ар бир улуттун тамак аштары коюлуп, келген коноктор бул тамактардан даам татышты.
Абдурахманов Ахмаджан Үч-Коргон айыл өкүмөтүнүн башчысы, сөз алып жалпы Кыргызстандыктарды жана Үч-Коргон айылынын тургундарын жаз майрамы менен куттуктап өттү.
Жылда өткөрүлүүчү Нооруз майрамынан айырмаланып бул жылы болуп жаткан майрамда жаштар жигердүү катышышты.
«Үч-коргон жаштар» борборунун ыктыярчылары да майрамга өзгөчө жакшы маанай тартуулашты», — деди айыл тургуну Малика айым.
Майрамдык кечеде айыл тургундары тарабынан ар түрдүү сахналык көрүнүштөр, бийлер көрсөтүлдү.
Бул сахналык көрүнүштөр жана бийлер келген конокторго жагымдуу маанай таруулай алды.
Даярдаган: Арипов Атабек.