Барскоон айылында Эшманбет Кендирбаев атындагы орто мектепте 21-март, Нооруз майрамына карата 10-класстардын арасында, Улуттук калоритке негизделген сынак болуп өттү. Сынакка 2 ден кыз чыгып, класстын намысын коргошту.
Конкурстун катышуучусу жана жеңүүчүлөрүнүн бири Алина Истанбекова сүйүнүчү менен бөлүштү: «Сынак башка иш-чаралардан айырмаланганы жакты. Тамактан тартып, кийимибизге чейин улуттук калоритте көрсөттүк, кыргыздын өзүнө тиешелуу материалдык мурастарын даңазалаган аябай жакты», — деп билдирди.
Көрүүчүлөрдүн айтымында бардык конкурсанттар сынакка жогорку деңгээлде даярданып келишкен.
Көрүүчүлөрдүң бири Алина Абдынатова: «Мен бүгүн классташтарымды колдоо үчүн келгем. Бактыга жараша 1- орунду алышты. Мен конкурска катышкан бардык кыздардын талантына баа бердим», -деди.
Катышкандардын да, күйөрмандардын да купулуна толгон бул сынак ийгиликтүү аяктады.
Даярдагандар: Бермет Алыбаева, Алтынай Бакишова.