Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында окуучулардын кышкы эс алуулары кандай өтүп жатканын билип көрүү үчүн айрым окуучуларга суроо узатып көрдүк.

Даврон Касымжанов Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал кышкы эс алуу мезгилинде дүкөн ачып, соода менен алектенүүдө. Андан сырткары ал спорттун баскетбол түрүнө да катышат. Бош убакыттарында үй жумуштары менен алекетенет.
Асылбек Исраилов 9-класстын окуучусу.
“Мен кышкы эс алууну көңүлдүү өткөрүп жатам. Көбүнчө үйдө мал карайм, отун жарам. Футболго катышам. Досторубуз менен көңүл ачуудабыз, компьютер клубдарына да барабыз”, — дейт Асылбек.
Окуучулардын айтымына караганда, айылда эс алуучу жайлар көп. Жайлоого, лагерлерге чыгып, бош убакыттарын көңүлдүү өткөргөнгө аракеттенишет.
Айрымдар бүтүрүүчү болгонуна байланыштуу ар түрдүү окуу курстарына катышса, башкалар үй жумуштары менен алек болушат. Кичине балдар ар түрдүү оюндарды ойноп убакыт өткөрүшөт.
Дадабоева Дилноза, Пардаева Мохира
Сүрөттөрдүн автору: Нусратуллаев Сайёдбек
Сынак үчүн