Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы клиника төрт жыл аралыгында курулган. Аны үч уулу менен бирге салганын айтты клиниканын ээси Жора Жорабаев.
Анын билдиришинче, бул оорукана 2015-жылдын июль айларында кызмат көрсөтө баштаган. Бүгүнкү күндө болсо клиника толук кандуу иштей баштагандыгын билдирди Жорабаев.
“Мен элге кызмат кылуу үчүн ушул клиниканы балдарым менен бирге төрт жыл аралыгында мөмө жемиштерди сатып, акча чогултуп, кошумча эмгектенип куруп бүтүрдүк”, — деп баяндады Жорабаев.
Аталган ооруканда ар түрдүү көз ооруулары менен келгендер бүгүнкү күндө дарыланууда. Операцияларды Жорабаев уулу Олимжон менен биргеликте өткөрүшөт.
Үч-Коргондо көз ооруларын дарылоочуу оорукана болбогондугуна байланыштуу, бул жердин ачылгандыгы айыл тургундарына бир топ жеңилдиктерди жараткандыгын да айтып өттү. Бул жерде кошумча дарыкана да кызмат көрсөтүүдө.
Аталган клиникада башкы врач менен биргеликте эки медайым жана бир дарыгер эмгектенет. Келген ооруулу адамдар үчүн керектүү шарттар жаратылып берилгендигин да көрүүгө болот.
Күнүнө кээде 30га чейин оорулуулар кайрылышаарын айтты Жорабаев.
Жорабаев 1999-жылы саламаттыкты сактоонун отличниги наамын алган жана башка сыйлыктардын ээси.
Даярдагандар: Дадабаева Дилноза, Нусратуллаев Сайёдбек
Сүрөттүн автору: Пардаева Мохира
Сынак үчүн