Бакай-Ата райондук бийлиги “Сейилбак жана кичи футбол аянчасын” куруу долбоорун тааныштыруу жыйыны болуп өттү. Ага Бакай-Ата жана Наматбек айылдарынын тургундары катышты.
Талас облусу боюнча ар бир районго бул долбоорду тааныштыруу боюнча эксперттер шайланган. Бакай-Ата району боюнча “Арис” уюмунун эксперти Данияр Кулубаев февраль-март айларында тандоо конкурсунан долбоор өтүп кетсе, алар каржылаарын айтты.
“Бул долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган. Атайын жумушчу топ түзүлгөн, алар элдин муктаждыгын алып келип бизге сунуштайт. Февраль айынын этеги март айынын башы тандоо конкрусу болот. Өтүп кетсе биз каржылайбыз, өтпөсө кийинки башка долбоорго сунушташат. Негизи ири долбоорго 25 миллион сом, кичи долбоор болсо 20 000 долларга чейин”, — деп билдирди Кулубаев.
Долбоордун максаты – элге колдоо көрсөтүү жана инвестиция жолун көрсөтүү.

«Бакай-Ата району боюнча эки долбоор даярдалган. Биз билгендей ири долбоорго “Атракцион” көңүл ачуучу сейилбагы сунуштаган. Анан чакан долбоорго Наматбек айылына чакан футбол аянтчасы алынып чыккан», — деп кошумчалады ал.
“Аристин” иш-аракеттерине жергиликтүү бийлик кандай колдоо көрсөтөөрү тууралуу айыл депутаты Куштарбек Атантаев төмөнкүчө токтолду.
“Жергиликтүү бийлик тарабынан тандап ала турган топторду түзгөнгө, бул жердеги чогулуштарды өткөрүүгө жана жумушчуларды табууга негизгиси долбоордун 3.75 пайызы жергиликтүү бийликтин бюджетинен колдоо көрсөтүлөт”, — деп билдирди Атантаев.
Бул долбоор айылга керек жана мааниси чоң экенине токтолду Наматбек айылынын тургуну Гулбара Муратбекова.
“Себеби биздин айылда эс алуу үчүн, убакытты туура пайдаланып өткөрүү үчүн жакшы эле. Ишке ашса жакшы болот”, — дейт Муратбекова.
Даярдаган: Сүйүтбеков Үсөн
Сынак үчүн