Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин окуучулары ар бир класстык бөлмөлөрдү кооздошту. Максаты — окуучулардын билим алууга болгон шыгын, кол өнөрчүлүк чеберчилигин арттыруу.
Класстык бөлмөлөрдү кооздоо 8ден 11-класска чейинки окуучулардын эмгеги менен ишке ашкан. «Эң негизги максаты — башка мектептерден өзгөчөлөнүп, окуучулардын шыгын, кол өнөргө болгон чеберчилигин арттыруу» дешет мектеп окуучулары.
«Биз класстарды кооздоп жатабыз. Ар бир класста ар башкача өзгөчөлүктөр бар. Биздин класс көбүнчө кар бүртүкчөлөр менен кооздолду. Бул жалпы окуучулардын окууга болгон шыгын, эмгекке болгон чеберчилигин арттырат», — деп эсептейт 10-класстын окуучусу Айканыш Адил кызы.
Класстык бөлмөлөрдү кооздоону алгач 11-класстын окуучулары баштаган. Андан кийин башка класстар да бөлмөлөрдү кооздой башташкан.
«Мугалимдер сабак өтүп жүргөндө алгач 11-класстын бөлмөсү кооздолгон. Андан кийин башка класстар кооздошту. Бул жакка бөлөк мектептен келген мугалимдер окуучулардн эмгегин баалап, каалоолорун айтып жатышат», — дейт физика мугалими жана мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Назира Касымбекова.
Аталган идеяны ойлоп тапкан 11-класстын окуучулары мектепти бүтүп жатканына байланыштуу ар бир күндү өзгөчө өткөрөлү деп кооздогондорун билдиришти.
«Быйыл биз 11-классты жакшы бүтүрүп, төмөнкү класстарга үлгү бололу деп жатабыз. Классты кооздогонубуз да ошол себептен. Дагы алдыда жасала турган көп пландар бар», — дейт бүтүрүүчу класстын окуучусу Алина Качкын кызы.
Айрым класстын окуучулары дубалга кар кишиден өйдө чаптап, досканын чекелерине түрдүү кооздуктарды тагышкан.
Бирок айрым мугалимдер класстардын кооздолгонуна каршы. Себеби, айрым окуучулар кооздук үчүн чапталып коюлган кар бүртүкчөлөрдү үйлөп, шариктерди чапкылап ойноп, сабактан алаксып калышат.
Даярдаган: Найзабек Мукамбет уулу