Бакай-Ата районунун Манас көчөсүндө «Кенч» автомектеби ачылды. Окуу жайдын шарттары жана тартиптери тууралуу мектептин мугалими Казакбаев Совкозбек менен маектештик.
Бул окуу жай 2015-жылы сентябрда ачылып, ошондон бери иштеп келе жатат. Мектептен В жана С категорияларында билим берилет.
«Профессионал В, С категориясына окуп чыгуу үчүн бир окуучу 4500 сом акча төлөп 3,5 ай окушат. Ал эми В категориясына окуу үчүн 2,5 ай 3500 сом акча төлөп окушат. Ушул убака чейин биринчи бүтүрүүчүлөрүбүз окууну аяктап кеткен. Учурда дагы окуп жатат, ал эми кийинки группа февраль айынан башталат», — деп билдирди Казакбаев.
Ушул мектептин шартына, билимине жана тартибине кубанып ыраазычылыгын аталган мектептин мугалимдерине билдирип, эмнелерди окуп үйрөнгөндүгү тууралуу бизге Нургелди Турсунбаев мындай деди.
«Мен бул жерде окуп жатканыма 2,5 ай болуп калды. В категориясына окуп жатам. Мектеп абдан жакты, себеби бул жерде кчинесинен чоңуна чейин окутуп, эң негизги эле жол эрежелерин жана машинанын түзүлүшүн жана дагы көптөгөн нерселерин окуп үйрөндүм, мен абдан ыразымын», — дейт ал.
Даярдаган: Сүйүтбеков Үсөн
Сынак үчүн