Түп районунун Тасма айылын ак кар басып айыл мурдагыдан көрктөнө түштү. Айыл тургундары быйыл кардык кечирээк түшкөнүн белгилеп жатышат.
Айыл тургуну Бектемир Алматаев кыш мезгилинде үйдө жумуш деле болбойт, аба таза болот, болгону кышындагы көйгөй свет болуп жатат деп билдирди.
“Кыш мезгилинде мына быйыл кар калың түштү. Ушу кыш мезгилин жаңы жыл көркүн ачат. Биз жаңы жылды жакшы тосуп алдык. Кичине балдар үчүн чана ойногонго жакшы. Кыштын быйылкы өзгөчөлүктөрү кар кечирээк түштү. Аба таза, малга тоют кенен камдап алганбыз”, — дейт Алматаев.
Айылдын кичинекей тургуну Адеми Шайдаркунова кыш мезгили ага да абдан жагарын белгилеп өттү.
“Кыш мезгили мага абдан жагат. Айлананын баары аппак кар болуп калат. Абада таза болуп, жыгылсак да кийимдерибиз таза болот. Кышында жаңы жыл дагы болот. Жаңы жылда салюттар мага абдан жагат. Музда чана тээп тоого чыгып ойнойбуз”, — дейт ал.
Мектеп окуучусу Ынтымак Бектемировдун билдирүүсүндө, кышында сууук болбосо эле жакшы, чана тээп, үйдө кар чыгарып, малга чөп салып коюп жүрөөрүн билдирип өттү.
“Кыш мезгили мага абдан жагат, себеби күндө үйдөн малга чөп салып, кар күрөп коюп эле чана тээп ойнойбуз. Анан суук болбосо эле жакшы да, суук болсо үйдөн чыкпай калабыз. Ошондой эле кыш мезгилде биз жакшы көргөн жаңы жыл да болот. Мага дагы кыштын жакканы бүт жердин баары аппак болуп, аба таза болуп калат. Кышында дагы өтө кызыктуу болот бакчаларга коёндордун издери да түшүп калат”, — дейт Бектемиров.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн