
Жыл сайын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жылдын мыктыларын ардак грамота жана диплом акчалай сыйлыктар менен сыйлайт. Бул даражаны алгандар ак дили менен иштеп Кыргызстанга салым кошкондор.
Атамбаев белгилеген жылдын мыктыларынын катарында Сумбула айыл өкмөт башчысы Баймурат Бекмуратов да бар.
Бекмурвтов жыл бою талыкпай иштеп, айыл жашоо шартын оңдойм деп аракет кылып келет.
Жылдын мыкты айыл өкмөт башчысы наамын алган Бекмуратов жетишкендиктери тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.
«2015-жыл ушундай жакшы жетишкендиктер менен аяктаганы биз үчүн чоң сыймык. Мурунку жылы бүтүрө албай калган иштерди быйылкы жылы бүтүрдүк деп ойлойм. Биз албетте ыраазыбыз өтүп кеткен жыл ушундай жакшы ийгиликтер менен бүткөнүнө. Өтүп кеткен жылда көптөгөн жакшы иштер жасалды. Албетте мындан ары да жылдын аягы жакшы бүтүшүн тилейбиз. Ушинтип жылдын мыкты айыл өкмөт башчысын алуу да чоң жетишкендик деп ойлойм», — деп билдирди ал.
Элдин жашоосу жакшырышы үчүн жасалып жаткан иштерди айыл өкмөт башчысынын алган сыйлыгы көргөзүп турат.
Айылыбыз мындан ары да жакшы жетишкендиктерге жетет деп ойлойбуз.
Даярдаган: Төлөнбай уулу Нурсейит
Сынак үчүн