Барскоон айыл аймагына чакан сквер парк курулат. Парк айыл аймактын маданият үйүнүн жанына куруу пландалууда. Жакынкы аралыкта сквер парктын иш кагаздары толугу менен бүтүп, курулушту баштайбыз,-дейт Барскоон айыл аймактын айыл өкмөт башчысы Бакыт Асанов.
Айылдын борборун иретке келтирип тазалап алсак, бул биздин айылдын күзгүсү болот. Мындан тышкары эски имараттарды бузуп, оордуларын тазалап койсок келген инвесторлорго да жакшы болот,-деп кошумчалай кетти. Ал эми 2023-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүштүрүп айылыбыздын жүзү болгон мадания үйүбүздүн тышын ремонт кылууга аракет жасап жатабыз.
Гүлкайыр Осмоналиева
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.