Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин информатика сабагынын мугалими Акылай Алмазбекова 9-класстардын окуучуларын Нарын шаарына экскурсияга алып барды.
«Экскурсия сабактын негизги багыты окуучулардын кесип тууралуу алган маалыматы менен бирге ар бир алган билимдерин турмушта пайдалана алуусун көздөдү. «Билимди колдоно албаса, анын баркы түшөт» демекчи, бардык кесип боюнча уюштурулган мастер класстарга катышып, өзүлөрүн ошол кесиптин ээси катары сезип, практика жүзүндө иштей алышы, аларда аябай кызыгууну туудурду. Балдарда замандын талабына жооп берген инсан, бир эле эмес, бир нече кесиптин ээси болууга боло турганына жана кандай гана кесип ээси болсо да өз ишинин профессионалы болуу керектигине ынанышты»,- дейт Акылай Алмазбекова.
Наиля Жанарбек кызы, Кубаныч Азат уулу