«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «CHAT GPTнин доору. Интернеттин бизге болгон таасири» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Нүргүл Ысакова — Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары, жеке ишкер,
Ыкбалкан Айтматова — Аялдар демократиялык тармагынын Ош облусу боюнча жаштар канатынын координатору. Араван району Достук айыл өкмөтү. Жеке ишкер
Кутманай Курванали кызы — Ош билим институтунун методисти, “Жаш мугалимдерди колдоо” долбоорунун негиздөөчүсү
Модератор — журналист Даяна Данияр кызы.