Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылынын тургуну, улакчы Санжар Абдашим уулу кичине кезинен бери эле улак ойноп келет. Улуттук оюнду бул түрүнө атасынын түрткүсү менен кызыгып ойноп калганын айтат ал.
Санжар Абдашим уулу 26 жашта. Ал кичинесинен эле кыргыз элинин улуттук оюну улак чабышка кызыгып келет.
«Атам чоң улакчы болгон. Мени дайыма өзү менен кошо алып жүрүп, бул оюнга болгон кызыгуум күчөдү. Менин улакка чапкан атымдын аты «бурул». Мен көптөгөн улак оюндарына катыштым. Правда айылында болуп өткөн улак оюнунда «Жигули» автоунасын жеңип алдым», — деп билдирди Абдашим уулу.
Ал жакында Кыргоо айылында болуп өткөн улак оюнунда топоз менен тай утуп алган.
«Мен бул утуштарымдын баарын атама арнаймын. Атамдын кесибин улантканыма аябай кубанам. Атам дүйнөдөн кайткан. Өзү көрбөсө да асманда учуп жүрүп кубанып, мени менен сыймыктанып жаткандыр балким…», — деп билдирди ал.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн