Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын башчысы 17-январь күнү Куланак айылында отчёттук жыйналыш өткөрдү. Жыйналышка эки айылдын тургундары келип катышты.
Бул жыйналышта Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева айыл башчынын отчётун канаттандыраарлык деп таап, мындан ары да ишине ийгилик каалап кетти.
«Бишкек шаарында авиакырсык болгондугуна байланыштуу Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев келбей калды, айыл тургундарынын суроолоруна акимдин ордуна мен жооп бермекчимин», — деп билдирди Жумаева.
Учкун айыл өкмөтүнүн отчёту канаттандыраарлык деп табылып, башчы кайра бекитилди. Айыл өкмөт башчысы Абай Калдарбек уулунун шайланганына алты ай болсо аткарылган иштер боюнча ал:

«Айылды жарыктандыруу боюнча жол чырактары коюлду, айылдагы таза суу тартыштыгын чечилди, жаратылыш кырсыктарынан (сел каптоо, көчкү) алдын ала сактануу үчүн дамбалар кеңейтилип жаңы салынгандары да бар», — деп атап өттү ал.
Ушул эле Куланак жана Учкун айылдарынын электр жарыгы боюнча адиси Кылыч Тостоков жаңы шайланган айыл өкмөт башчысынын артыкчылыктарын белгилеп кетти.
«Буга чейин эки жыл иштеген айыл өкмөтүбүз мындай отчёт эмес, кишиге да көп көрүнгөн эмес. Абай иштегенине алты ай болсо да отчёт берип, жакшы жыйынтык көрсөтүп жатат. Мындан кийин да жакшы ийгиликтерди жаратат деген ойдобуз. Айыл тургундарынын баары эле бул өкмөткө иштешине ишенип жатышат», — деп билдирди Тостоков.


Даярдагандар: Ырысбай Адамалиев, Самара Рыскелди кызы