Талас облусу боюнча 30дан ашык тамада бар. Алардын эң жашы 20да болсо, аксакалы 60 жаш курагында. Талас облусу боюнча жалгыз тамада айым кызмат кѳрсѳтчү, бирок азыр ал үй-бүлѳѳлүк шартына байланыштуу бул чѳйрѳдѳн алыстаган.
Талас шаарында тойлордуу уюштурууга жардам берген эки уюм бар: Тамадалар ордосу жана Тамадалар уюму. Биз «Тамадалар ордосунун» жетекчиси Мелис Жумагулов менен маек курдук.

Бул стендден каалаган тамаданы, ырчыны, музыкантты жана бийчилерди тандап алса болот.
Тамадалар кызматы боюнча айтып берсеңиз?
— Тамадалар борборуна жети жыл болду. Учурда 35 тамада бар. Өзүнчө иштешкендер андан да көп. Бизде азыр той кызматтарынын баардык шарттары бар. Биринчиден сүрөттөрүн көрөт. Азыр биз баарын айтып беребиз, стажынан баштап роликтер менен интернетке чейин киригизип койгонбуз. Баарын даярдап беребиз. Бизде лимузин, ырчы, бийчи, тойго эмне тийиштүү болсо касапчы, поварларга чейин бар.
Кызматтын баалары кандай?
— Региондор боюнча эң эле арзан Таласта экен. Коплект мисалы 15 000 сом болот. Андан ашык да болот. Эң чакан жөнөкөйү 6000 сомдон башталат.
Коплектке эмне кирет?
— Комплектке музыкант, оператор, тамада, анан ырчылардыкы өзүнчө кетет. Мисалы бизде аккордеон, комуз ойногон живой музыканнтар бар. Сууктарда үйдө жандуу үн менен ырдашат. Азыр тойдун 70 пайызы үйдө өтөт. Кээ бир тойлордо 4-6га чейин тамадаларды жалдашат. Биздин алып баруучулар сѳзгѳ чечен келишет. Ал эми борбордук тамадаларга биздин тойлорду алып барууда кыйынчылыктар жаралат. Себеби биздин элдин шаӊ-шѳѳкѳтү кѳп. Тойдун ээси тамадалардын мерчемине карай маарекенин күнүн белгилешет.
Грузин тилинен tamadoba «майрамдык иш чаралардын алып баруучусу» деп которулат. Тамаданын милдеттери тойду башкаруу, сөздөрдү жана тостторду убагы менен бөлүштүрүү, оюндарды уюштуруу жана кызматчылардын ишин контролдоону камтыйт.
Таластык тамадалардын иш учурунан үзүндү:
https://www.youtube.com/watch?v=LjGZvRNhq_s
Даярдагандар: Кубанычбекова А., Камчыбекова Р.
Мыкты макала сынагы үчүн