Токтогул районуна караштуу Терек Суу айылында стоматологиялык борбору жайгашкан. Ал жерде эки жылдан бери алты айылдын элине кызмат кылып Нурболот Сактанбеков эмгектенет.
Тиш дарылоочу Нурболот Сактанбеков 27 жашта. Айтымында, эки жылдан бери коңшу айылдарды кошкондо жалпы алты айылдын тургундары тишин дарылатып турушат.
«Келгенден бери эч кандай кыйынчылык, көйгөй деген жаралган жок. Бул жакка тиш даарылатуу үчүн Мазар Суу, Терек Суу, Чолпон-Ата, Чоң-Арык, Ак Тектир жана Кара Күңгөй айылдарынын тургундары келишет. Алардын баардыгын жакшы тейлегенге аракет кылам. Тиш тазалоо, тиш салуу, тиш сууру кызматтарын көрсөтөм», — деп билдирди Сактанбеков.

Тиш доктурдун кызмат акысы жасаган ишине жарашат. Бир тишти тазалоо үчүн жалпысынан 200-300 сомдой: дарынын баасына жараша төлөнөт.
«12 жашка чейинки жаш балдардын тишин бекер жулуп беребиз», — деп кошумчалады ал.

Чоң-Арык айылынын тургуну Эсенбек Тентимишов тиш доктурдун элге көрсөткөн кызматы жакшы экенин айтат.

— Ал жакка бала-чакаларымды алып барам. Былтыр бир барганбыз, ошондо жакшы тазалап жакшы иштечү. Барган адамдарга кылган мамилеси жакшы, элди кагып-силкүү дегени жок. Ал эми баасы туура эле: төмөн айтпайт, кымбат айтпайт.
Даярдаган: Бексултан кызы Арууке
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн