II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1000 комузчу “Маш ботойду” черткен. Алардын арасында Ак-Талаа районунан туура 100 комузчу да барган. Баетовдо 18-январда ошол ак-талаалык 100 комузчуга президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Ал райондук маданият үйүндө өтүп, райаким Семетей Черикбаев, мекеме жетекчилери жана ата-энелер катышты.

Куттуктоо сөзүндө Черикбаев ак-талаалыктардын Көчмөндөр оюнундагы ийгиликтерине кеңири токтолду. Айрыкча Боз үйдү 13 мүнөттө тигип жетишкен шамдагай агаларды, кол өнөрчү-уздарды, балбандарды жана комузчуларды баса белгиледи.


Айылдардан бери келген комузчуларга аким жана коллегия мүчөлөрү Ыраазычылык каттарды тапшырды.





Ата-энелердин атынан Сүйүндүк Карасартов балдар музыкалык мектебинин мугалимдерине жана комузчуларды даярдаган Нурай Исаевага ыраазычылык айтып, комуз ата бабадан калган мурас экенин, аны урпактар унутпай улантып кетүүлөрү зарыл экендигин кошумчалады.

Ал эми боз үй тиккен агаларга жана балбандар Руслан Тойчубеков, Жекшенбек Турдубековдорго 2500 сомдон акчалай сыйлыктар берилди.
Даярдаган: Мамбетказиев Абдурахим
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!