Токтогул суу сактагычынын Кызыл-Кум жээгине адамдар көп келип жайкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүп жатышат. Кызыл-Кум жээги Кетмен-Дөбө айыл аймагына жакын жайгашкан жана жергиликтүү эл бул жерге жайкы ысыкта сүзүү үчүн келишет.

Мурда эс алууучулар үчүн шарт жок болсо быйыл ишкерлер эс алуучулар үчүн боз үй тигип, кийим которуучу жайды курушту. Бул тууралуу Максат Мелисбеков төмөнкулөрдү билдирди:
«Биз бул жерди алгандан бери даараткана курдук, кийим которуучу жай, боз үйлөрдү алып келдик. Күнүгө таштандыларды теребиз. Бул жерде куткаруучу топ болсо, айыл өкмөт карашса жакшы болмок.»

Көл жээгинде сууда сүзгөн балдар абдан көп алардын бири өзүн Куку деп тааныштырып, мындай деди:
«Мен 7 жаштамын, Терек-Суудан келдим, мага сууга түшкөн абдан жагат. Көлгө эки күндө бир келип турабыз».
Ибарат Курманалива Кызыл-Кумга Чолпон-Ата айылынан келген. Ал бул жерде Ысык-Көлдөй шарттар болуусун каалайт:
«Бул жердин касиети бар, келип эс алганга ынгайлуу, кум ден-соолукка абдан пайдалуу келет. Бирок суучулдар болсо, адамдар коопсуз болмок. Кайыктар, дачалар, көлөкөлүү жерлер болсо абдан жакшы болмок».

Чоң-Арык айылынын тургуну Жаныбек Арзыбеков колу бош убактысында келип турат, жана төмөнкүлөрдү билдирди:
«Ысыганда салкындоочу жакшы көлдөрдүн бири элдер үчүн. Акимчилик тарабынанбы же мамлекет тарабынан көнүл бөлүшсө жакшы болмок.”
Даярдагандар:Турсунбаев Өмүр, Алтынбекова Бактыкан, Уланбек кызы Элизат,Тазабек кызы Мыскал