Ардактуу эс алуудагы педагог Дилдеайым Жумабаева тоок ферма ачып, элди таза жумуртка менен камсыз кылууда.
Эл агартуунун отличниги, 30 жыл мектепте эмгектенген азыркы учурда эс алуудагы тоок фермасынын жетекчиси Дилдеайым төмөнкүлөргө токтолду.

— Мугалимдик кесипти аркалап бүткөн соң эс алууга чыгып, үйдө жөн отурбайын ден-соолукка зыян деп, биринчи себеби ушул болду. Экинчи себеп балдарымдын келечеги үчүн иштеп келе жатам. Токтогулда бир эле ферма болгон экен, ал дагы кичине болгондуктан элди толук камсыз кыла алган эмес. Ошондуктан элди толук жумуртка менен камсыз кылууну ойлодум. Бул жумуш менен алектенгениме төрт жылдын жүзү болду. Учурда миң тоогум бар, күзүндө көбөйтүүнү ойлоп жатам. Чоң-Арык айылынын элин жумуртка менен камсыз кылып жатам, өзүмдүн кардарларым бар, магазиндерге өткөрөм. Чычкан жергесиндеги «Пельменный» кафесин толук камсыз кылам. Балдарым майда болсо алган кирешем камсыз кылмак, учурда бир балам жана бир кызым медициналык академияда окуп жатат, мындан сырткары жолдошумдун бал бизнеси бар. Жолдошум бал бизнеси менен, а мен тоок ферма менен алектенем.

Жолдошу Бексултан Асанбеков «бала кезимен эле аары багууга кызыкчумун. Бул менин кесибим болуп эсептелет. Азыр ушул кесип менен алектенем. Бош убактымда жубайыма жардамдашам» деп токтолду.


Тоок фермасынын кардарынын бири Эстебесова Бегай «Бул ферманын пайдасы абдан чоң. Бизге эле эмес, жалпы эле айыл тургундарына кереги тийип жатат. Сапаты жакшы, баасы каанаттандыраарлык эле» деген пикирин айтты.
Даярдагандар: Турсунбаев Өмүр, Тазабек кызы Мыскал, Алтынбекова Бактыкан
Сынак үчүн