
2016-жылдын май айы озгочо жаанчыл болгонуна байланыштуу, Сулукту шаарынын аймагындагы эски жер кочкулор (1990-1996-жылдардагы) кайрадан жанданганы аныкталды. Бугун 21.05.2016-жылы тунку саат 02-45 чамасы Кошбулактын кун батыш жагындагы калктуу конуштан 950 метрдей аралыкта жер кочку журуп, жер кыртышы жалпысынан 1-1,5 метр жылган.
«Тундо болгон жер кочкудон Кошбулактын диаметр 325 мм болгон борбордук суу тутугу эки жерде сынып кеткен. Биздин оперативдуу ремонт тобубуз дароо сууну авариялык токтотуп, атайын техникалар менен ремонт иштерин баштадык. Натыйжада саат 12-30 чамасында аварияны толук жоюп, суу тутугун жарактуу абалга келтирип, сууну мурдагы калыбында бере баштадык. «»Сулукту таза суу канал» муниципалдык ишканасына 13 мин сомдой чыгым болду. Кантсе да 8 мин ашуун калк, ондогон социалдык объектилер жана башка суу колдонуучуларды суу менен узгултукко учуратканыбыз жок.»- дейт аталган ишкананын башкы инженери Каныбек Халмурзаев. (томонку суротто)

«Жер кочкунун колому болжол менен 100 мин метр/куб жакын болгон. Турак жайларга, социалдык объектилерге же башка ишканаларга кркунучу жок, бирок бул аймак мал жайгандар учун ото кооптуу. Ошого калк ичинде тушундуруу иштерин жургузуп, малды азырынча башка жайытка багып туруу сунушталууда. бул маалыматты ОКМдин Баткен облустук башкармалыгына да билдирдим, азырынча абалга коз салып турабыз»- дейт Сулукту шаардык озгочо кырдаалдар болумунун начальниги, ага лейтенант У. Мурзамуратов. (томоку суротто)

Сактыкка кордук жок дейт элибизде, Сак бололу урматтуу окурмандар. Кочку калктуу конушка жакын болгондуктан жаш балдарга сак болунуздар!!!
Кабарчы: Б.Юсупова