Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айканыш Адил кызы 5-классынан бери ыр жазат. Айканыштын азыркы убакта 40тан ашуун ырлары бар.
Айканыш биринчи жолу 5-классында мугалими апалар туурасында ыр жазып келгиле деп тапшырма берип, ошондон ыр жазып калганын айтат.
«Ал ырым эжеге жагып, ыр жазууга болгон кызыгуум класс жетекчимдин түрткүсү менен пайда болду десем жаңылышпайм. Ошондон ушул убакка чейин ыр жазуу менен алектенип «Жаш-Талант» сыяктуу фестивалдарга катышып биринчи орундарды жеңип келе жатам», — дейт жаш акын Айканыш.
Анын айтымында, үй-бүлөсү да буга карышы эмес жана алар да жакшы ойдо.
Айканыштын өнөрүнө классташтарынын да көз караштары жакшы. Классташтарынын айтымында, ал кандай концерттик программалар болбосун ырларды бардыгына жазып берет.
Классташы Бекмырза Аскер уулу «ыр жазуу үчүн жардам керек болсо биринчи эле кайрылганым Айканыш» дейт.

«Ал ырларды бир жактан көчүрүп же угуп алып жазбайт. Анын ырлары жан дүйнөсүнөн чыккан мыкты ырлар. Ырларды ал сол колу менен кантип жазат, деп абдан кызыгам», — дейт ал.
Ошондой эле Айканыш келечекте да университеттен бул өнөрүн таштабай өнүктүрөөрүн белгилеп өттү.
Даярдаган: Бегимай Бекмурат кызы, Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн