Өлкөбүздө күтүүсүз келген пандемия учуру ар бир баланын жашоого, ата-энеге, мугалимдерге жана тегерегиндеги жакын адамдарынын кандай барктуу экенин билдирди. Башкача айтканда балдар карантин учурунда баалабай жүргөн учурларын көз алдынан элестетип тажрыйба катары өткөрүшкөнүн айтышты.
Covid -19 илдетинин кандай жаман жана жакшы жактары бар экендиги туралуу Эшмамбет Кендирбаев орто мектебинин 7-классынын окуучусу Аделя Келдишаева буларга токтоло кетти:
“Мен карантин башталган учурдан бери үйдөн чыкпай отуруп калдым. Сабактарды да онлайн түрүндө окудум. Бирок мектепте окуган учурга жетпейт экен. Анткени телефон аркылуу окуганда көп нерсени түшүнбөй да калат экенсин. Карантин учурунда мугалимдин, ата-эненин баркын билдим. Үйдө отуруп классташтарымды сагындым. Мектепке барып турган учурда бардыгына жетишчү элем. Карантин учурунда үйдө жүрсөӊ деле жумуштарды бүткөрүүгө убактыӊ тар болуп калат экен. Карантин батыраак бүтүп мектепке эле, барып окусак экен деп кудайдан тилеп отурам”.
Ар бир адамдын мүнөзү ар башка болот эмеспи. Кээ бир окуучуга карантин жакса кээ бирөөнө жакпайт. Үйүндө бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу болуп, көп нерселерге бирге күбө болуш да өзүнчө ырахат. Карантин учурунда бир туугандары жана ата-энеси менен бирге болгон Азамат Таабалдиевдин айтымында үйдөн көп нерселерди үйрөнүү менен бирге бир топ китептерди окуганга да жетишкендигин билдире кетти:
“Биз үй-бүлөбүз менен бирге болдук. Бир туугандарым менен сүйлөшүп, ар кандай кызыктуу нерселерди да жасаганга үйрөндүк. Бул учурга чейин деле бир туугандарым, ата-энем менен чогулуп отуруп көп деле сүйлөшпөптүрбүз. Ата-энем жумушка, биз сабакка кетип калабыз. Кечинде чогу отуруп тамак ичип эле кайра туруп кетебиз. Кимде кандай көйгөй бар экенин деле билчү эмеспиз. Бул учурда иним, сиӊдимдин кайсыл сабактан жетишпей жатканын билдим жана жардам берип турдум. Кечкисин жатып алып бир топ китептерди окуганга да жетиштим десем болот”.
Заманга жараша азыр балдар үчүн заманбап бардык нерселер бар. Балдардын келечеги да жакшы десек жаӊылышпайбыз. Бирок, балдардын бул бакубат жашоосу бир күндө эле өзгөрөт деп эч ким ойлобосо керек. Себеби, 2020-жылдын март айынан баштап өлкөбүзгө капысынан Covid-19 илдети каптай баштаган. Бул илдетти маани бербеген ата-энелер да жок эмес эле. Илдет желдей тарап өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал киргизилип, бардык окуу мекемелери карантинге жабылып калды. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган учурда балдар үйдө отуруп калуу булар үчун бир топ маселе жаратты дейт айыл тургуну Айзада Асылбаева.
“Балдардын ден-бойлору толук кандуу өсүш үчүн булар ойноп, чуркап туруу зарылчылыгы бар. Ал эми каратин учурунда балдардын мындай мүмкүнчүлүктөрү чектелип калды десем жаӊылышпайм. Бирок карантиндин жакшы жагы эки ай боюу балдар маӊдайыӊда болуп окуусуна, тартибине көз салууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Кечке үйдө отурган балдардын психологиясына да зыян келет экен. Анткени карантин учурунда балдар абдан агрессивдүү болуп калганы да байкалды”.
Covid-19 илдети Кыргызстанда өзгөчө жаш балдардын, өспүрүм балдардын жана энелердин муктаждыктарын камсыз кылууга таасирин тийгизди. Себеби көпчүлүк дарыканалардын, дүкөндөрдүн жана транспорттордун күнүмдүк муктаждыктарды каржылаганга жетишсиздиги да зыянын алып келди. Карантин учурунда эӊ негизги таасирин тийгизген көрүнүш бул тамак-аштын жана дары-дармектердин жетишсиздиги болду, -деп билдирди Онлайн Университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева.
“Covid-19 учурунда боюнда бар энелер, өспүрүм балдардын ар кандай илдеттерге чалдыгып ооруп калышы абдан маселе жаратты. Себеби, дарыканаларда ал учурда дары-дармектердин жок болуп калуусу жана кымбаттап кетиши бирден бир көйгөй жаратты. Же ооруканаларда орун жок болуп калуусу да чоӊ маселе болду. Бул учур балдарга абдан оор учур болду десем да жаӊылышпайм. Балдардын баскан турганына да чектөө жаралды. Ар бир кыймылдаган учурлары да көзөмөлгө алынып турганы алар үчүн оор болду. Өсүп турган балдардын да ден-соолуктарына жана психологиясына терс таасирин тийгизди деп айта алам”.
Карантиндин балдарга тийгизген таасири
Гүлкайыр Осмоналиева