Суусамыр айылдык жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Арзымат Шейшеев билдиргендей, сезондук грипптен катталгандар көп болуп жатканын, ал эми 3 бейтаптын анализинен COVID-19 вирусу табылып, 31 адамдан анализ алынган.
“Азыркы учурда бизде сезондук грипп оруусу көп каталып жатат, ал эми 3 адамдан коронавирус аныкталып чыкты. Ал адамдардын бири 1-Май айылынан, Суусамыр айылынан эки адам. Коронавируска шектүү деген 31 адамдын анализи алынды. Биздин тургундар башка райондон кымыз ичкени келген адамдан коронавирус жуктуруп алышкан, контакт болгон адамдар такталып, үй обсервациясына алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анализдерди болсо чогултулуп Кара-Балта шаарынан бир күндүн ичинде чыгып келет. Эгерде абалы оорлоп, температурасы көтөрүлүп жатса, ооруканага келбей эле биздин тез жардам бөлүмүнө кайрылса биз өзүбүз барабыз. Элге кайрылуум коронавирустан сактануу эрежелерин так аткарып, алдын алуу иштерин жүргүзүшүн суранат элем.»
Ошондой эле, Суусамыр айылдык жалпы дарыгерлер ооруканасында эки бөлмөгө эки кишилик изолятор даярдалган. Ал жерге абалы оор болуп келген бейтаптын анализи чыгып келгиче ошол жерге жаткырылат.