Кыргызстан боюнча эки жылдан бери Ковид-19 илдети күч алып, карапайым калк жабыр тартып келүүдө. Аталган тумоо өлкөнүн бардык аймактарын камтыды. Илдет күндөн-күнгө тамырын жайып, күн сайын жаңыланып келүүдө.
Бул тумоодон жабыр тартып ооруган жарандарыбыз, илдет тамырлашып жаңыланган сайын кайта ооруп келүүдө. Элет жеринде чарбалык иштер көп болгондуктан жергиликтүү тургундар анчейин деле эрежелерди сактабай келет.
Бул илдетке алгач 2020 жылдын август айында чалдыгып, бүгүнкү күнгө чейин ден-соолугун калыбына келтире албай, оору менен күрөшүп келе жаткан айыл тургуну Созул Айбашова биз менен болгон маегинде буларга токтоло кетти:
Барскоон айылынын тургуну Созул Айбашова
«Мен 2020 жылдын август айында ооругам. Сатурациям түшүп, абдан дене табым көтөрүлүп кыйналдым. Бирок ооруканаларда орун жок болгондуктан бардык дарыларды сатып алып үйдөн дарыландым. Абалым начарлаганда оорукананын күндүзгү дарылоочу бөлүмүнө кайрылып кислороддо жаттым. Кайра ушул эле жылдын ноябрь айында дене табым көтөрүлүп, сатурациям төмөндөп Бишкек шаарындагы № 1 ооруканасына жатып дарыланып келдим. Ал жактан мага «эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү» деген диагноз коюп дарылашты.»
Коронавирус тамырын жайып барган сайын ар түрдүү оорулардын саны да көбөйдү. Мурда бул оорулар эмне экенин билбей жүргөн тургундар азыркы күндө ар башка өнөкөт ооруларга туш болушууда. Созул апанын илдет менен күрөшүп жаткан учурда кан басымы жогору көтөрүлүп кыйналса, азыркы учурда кан басымы төмөн түшүп кетүүдө:
«Мен ооруканада жаткан учурда кан басымым жогору көтөрүлүп турган болчу. Андан тышкары, аябагандай жөтөл да кошулуп эки айга чейин созулду. Ал эми бүгүнкү күндө кан басымым 60ка чейин түшүп алым жок болууда. Ал эми быйыл июнь айында кайрадан ооруп дене табым көтөрүлүп, сатурациям кайра түштү. Бирок, жөтөлгөн жокмун, сөөктөрүм какшап сыздатып оорутту. Бүгүнкү күндө табитим жок болуп, тамак-аш иче албай. Аябагандай арыктап кеттим, күндө баш оору пайда болду. Бул оорудан кийин мурдагыдай ден-соолук болбой калат экен.»
Кээ бир тургундар ковид илдетин жеңил кабыл алып айыгып кетишкенин айтышат. Барскоон айылынын тургуну Улан Аблас уулу. Коронавирус менен былтыр ооруп, илдеттен тез эле арылганын төмөндөгүчө билдирди:
Айыл тургуну Улан Аблас уулу
«Мен былтыр ооруп калдым. Бирок бул илдет экенин билбей эле жүрө бергем. Ооруканага барсам коронавирус илдетинин белгилери бар экен дешти. Дарыларды жазып, үйдөн чыкпай дарылануумду айтышты. Мен дарыларды алып келип үй шартында ичип жакшы болуп кеттим. Бир ооруган адам экинчи оорубайт деген сөздү уккан элем. Эми кайра оорубайт экемин деп эле эл аралап жүрө берчүмүн. Бирок, элдерден угушумча ооруган адамдар кайра деле ооруп атышыптыр. Ошондон бери менде кайра коркуу сезим пайда болду. Өз ден соолугум үчүн эрежелерди сактоом керек деген чечимди кабыл алдым.»
Ак халатчан дарыгерлер элдин өмүрүн сактап калуу үчүн, илдет күч алгандан бери иш үстүндө. Алардын айтымында ар бир бейтаптын иммунитетинен көз каранды. Эгер иммунитеттери күчтүү болсо илдет жеңил өтүшү мүмкүн. Ал эми өнөкөт оорулар менен ооруган бейтаптар Ковид-19 илдетин кыйынчылык менен көтөрүшөт. Анткени бул илдет кайсыл жерин ооруса ошол жердеги ооруну барып козгойт деп Барскоон үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу мед айымы Айнагүл Эсеналиева билдирди.:
Барскоон үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу мед айымы Айнагүл Эсеналиева.
«Азыркы күндө биздин айыл боюнча абал тынчыраак. Бирок, такыр эле ооругандар жок дегенден алысмын. Бирден-экиден катталууда. Бул Ковид-19 оорусу өнөкөт оорусу бар адамдардын ошол оруган жерине барып жабышат. Эгерде алар ооруп калса бир топ кыйналышат. Бүгүнкү күндө так ушул оору күч алууда деп деле айта албайм. Анткени, ооруп келген адамдар мурдагы эле катталган ооруларынын күч алуусунан улам келүүдө. Айрыкча өнөкөт оорулары бар бейтаптарыбыз кайрылышууда. Мисалы айта кетсем, кант диабети менен ооругандар, кан басымы жогору болгондор, мурда өпкөсүнөн жабыр тарткандар көбүрөөк болууда.»