Башы оорубаган адам жок болсо керек. Кандай гана оору болбосун баш оору менен коштолорун айткан Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургумбаев кайсы учурда баш оору коркунучтуу, баш оруганда сөзсүз эле томографияга түшүү керекпи ушул жана башка суроолорго жооп берди.
1. Кадимки баш оору менен Ковид19 вирусунун белгиси болгон баш ооруну кантип айырмаласак болот?
Муну ар бир адам айырмалай билиши керек. Акыркы эки жылдан бери ковид-19 вирусу дүйнө жүзүнө тарап, анын ичинде Кыргызстанга дагы кеңири жайылып, биздин дарыгерлерге кошумча көйгөй жаралды. Кандай гана киши кандай мүнөздө оорубасын баш оору менен коштолот. Мунун өзгөчөлүгү баш ооруганда баш салмактанып турат дене табы көтөрүлгөнгө чейин эле салмактанып ооруп, чекени тер басып, шалдырап, иштегиси келбей жаткысы келип эле жатып калат. Ошондогу баштын чыңалуусу абдан күчтүү болуп көздүн каректерин тепкендей болот. Көздүн карегиндеги кан тамырлар кызарып кетет. Бул кан айлануу жакшы жүрбөй кан коюланып кеткенинен улам мээ көпкөндөй болуп оору пайда болот. Мындан тышкары айрым учурларда көңүл айлануу, кусуу, уйкуга тартуу уктайын десе баш ооруганынан уктай албай кыйынчылык жаратышы мүмкүн.
2. Баш оору коркунучтуу симптом болуп эсептелеби?
Албетте, дүйнөдө канча эл болсо алардын арасында башы оорубаган жок болуш керек. Баш оору дээрлик бардык эле адамдарда болот. Алар бири-бирине окшобогон ар кандай түрдө болушу мүмкүн. Баш оорунун 150дөн ашык түрү белгилүү. Ар кандай оорулардын негизинде кездешет. Биринчиден эмне себептен баш ооруп жатканын билүү керек. Баштын өзүнөн пайда болгон оорулар 30%га дагы жетпейт. Негизинен кандай гана оору болбосун баш оору менен уланат. Андыктан билүү керек чарчаганда, толук кандуу уктабаганда, курсак ачканда жана башка ушул сыяктуу нерселерде баш ооруганы ал жөнөкөй эле нерсе. Ал учурда толук кандуу эс алып, эмне жетишпей жатса аны толтуруп коюу менен баш оору басылат. Ал эми дайыма кайталанып, адаттагы баш оорудан башкача улана турган болсо сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.
3. Баштын ооруганы ар түрдүү оорудан кабар берет деп айтылат. Ал кандай оорулар болушу мүмкүн?
Кандай гана оору болбосун баш оору менен коштолот. Ички органдарда болобу же башка жер ооруса дагы сөзсүз баш оорушу мүмкүн. Андыктан дарыгерге кайрылып, себебин аныктап ошого жараша дарылануу кажет. Ар кимдин организми жана оорусу ар башка болот. Андыктан бири-биринен угуп ал ичкен дарыны ичүү таптакыр туура эмес бул тескери кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн.
4. Баш оорунун кандай түрлөрү бар?
— Моюндун куяң оорусунан пайда болгон баш оору.
— Кан айлануу жакшы жүрбөй калганда пайда болгон баш оору.
— Кан басым жогору болгон учурда пайда болгон баш оору.
— Башка суук тийген учурда пайда болгон баш оору.
— Инсульт оорусунан улам пайда болгон баш оору.
— Ар кандай жаракаттарды алгандан улам пайда болгон баш оору.
— Эс алуусуз иштөөдөн, стресстен улам пайда болгон баш оору.
5. Шакый...
Бизде көп тараган шакый оорусу бар. Башка баш оорулардан шакыйды айырмалай билүү маанилүү. Себеби мунун даарылоо ыкмасы таптакыр башкача. Шакый негизинен тукум куучулукка ээ болгон оору. Бирок бул дайыма ооруй бербейт. Приступ катары кармайт. Ал дагы ар бир адамда түрдүү өтүшү мүмкүн. Кээде бир нече саат, айрымдарында 1-2 күн, жумалап да кетиши мүмкүн. Кармоо убактысы дагы ар башка болот кээ бириники тез-тезден кармай берсе, кээ бирини айлап кармайт, айрымдарында бир жылда 1-2 жолу кармап калгандар бар. Бул оору кармаган учурда баш айлануу, көз караңгылоо менен коштолушу мүмкүн. Башка оорулар акырындык менен башталса шакыйда баштын бир бөлүгү ооруйт, көбүнчө чыкыйынан башталат.
6. Баш ооруп жатканда сөзсүз эле компьютердик томографияга түшүү керекпи?
Бул туура маселе биз акыркы учурда ушундай көп көрүп калдык баш оорунун алгачкы белгилер байкалганда эле дарыгердин багыттамасын албай эле томографияга түшүп алып келгендерди. Анын баарынын бизге эмне кереги бар? Аны балким мындай карап туруп деле аныктасак билинмек. Адис багыттама берип томографияга түшүп кел дегенде барып түшүү керек. Албетте адамдардын өз эрки. Бирок, анын кажети жок.
7. Кайсы учурда укалоого барууу керек?
Бардык эле баш оорунун түрүн массаж менен жеңилдетүүгө болбойт. Айрым баш ооруларына таптакыр эле укалоо тыюу салынат. Азыр муну жасагандар дагы көбөйүп кетти. Бул дагы дарыгердин сунуштамасы менен болгону туура.
8. Баш ооруну кантип алдын алса болот?
Негизинен бардык эле баш ооруларды алдын- алуу кыйын нерсе. Анткени баш оорулардын басымдуу бөлүгү башка бир оорунун негизинде болуп жатпайбы. Ошол эле боор, бөйрөк, диабет, кан тамыр оорулары, богок биринчи кезекте ушуларды дарылоо керек. Мындай ооруларды дарыласа эле баш оору 70% азаят. Дагы майда жаракат алган учурларда көңүл бурбай жүрүп албай убагында дарыгерге кайрылып дарылануу керек.
Бул макалаларды дагы окуп көрүңүз:
Иммунитетти кантип бекемдөө керек?
Ковидден кийин ден-соолукту кантип калыбына келтирсе болот?