Коронавирус илдеттинен айыгып чыккандан кийин деле өнөкөт оорулары менен күрөшкөндөр көп. Өнөкөт ооруларды COVID-19 вирусу кайрадан козгоо коркунучу бар. Вирус көбүнчө жүрөк ооруларын, кант диабетти, грыжа, бөйрөк ооруларын козгойт.
Суусамыр айыл аймагынын 153 чакырымында жайгашкан тез жардам бөлүмүнүн медайымы Алмаш Сыдыкова коронавирустун өнөкөт ооруларга тийгизген таасири тууралуу маалымат берди:
“COVID-19 вирусу өнөкөт ооруларды кайрадан күчөтүү коркунучу бар. Коронавирус көбүнчө жүрөк ооруларын, кант диабетти, грыжа, бөйрөк ооруларын козгойт. Мындан тышкары, COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдын кан басымы бар болсо мурдагыдай калыбына келүүсү бир аз кыйынчылык жаратат. COVID-19 вирусунан айыккандан кийин деле кан басымдын бир калыпта болуусуна жарым жылдай убакыт кетет.
Илдеттен айккандан кийин өнөкөт ооруларды калыбына келтирүү үчүн күчтүү тамактар менен тамактануу, витаминдүү жер-жемишерди жеш керек. Мындан тышкары витаминдерди алып ичүү керек. Мен жогоруда айткандар коронавирустан кийин организмди калыбына келтирүүгө жардамдарын берет деген ишеничтемин”.
Атын атагысы келбеген Суусамыр айыл аймагынын тургуну COVID-19 вирусуна чалдыкканда кан басымы бир калыпта болбой жаткандыгын айтат:
“ Коронавирус илдеттине чалдыкканымды кан басымын түшүп, алсырап баштаганда байкадым. Бул илдет өнөкөт болуп калган ооруну козгойт экен. Эки күн Суусамыр ооруканасында дарыландым, кан-басымым калыбына келбегендиктен райондук ооруканага которулдум. Бирок кан басымым бир калыпта болбой жатат. Учурда райондук ооруканада дарыланып жатам. Дарыгерлер коронавирус илдеттинен чыгуу, кан басымым калыбына келүү үчүн убакыт керектелерин айтышты”.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Гүлжамал Сыдыкова вирустан кийин баш оорусуна көп чалдыгып жаткандыгын айтат:
“Өзүмдү алсыз сезип, башым каттуу ооруп жаткандыгынан Суусамыр ооруканасына кайрылып анализ тапшырдым. Жыйынтыгында коронавирус илдеттине кабылгандыгым аныкталды. Ар кандай күчтүү дары дармектерди алып жаттым. Бирок алсырап, башымдын катуу оорусу басаңдаган жок. 14 күн элдер менен аралашпай, аралыкты сактап жаттым. Үйдүн ичин бат-баттан желдетип, тазалап, социалдык эрежелерди сактап жаттым. Учурда абалым жакшырып баратат, бирок башымдын оорусу дагы деле бар. Организмимди калыбына келтирүү үчүн болгон аракетимди жумшап жатам”.
Айдана Токтобекова