Дарыгерлердин айтуусу боюнча калктын көпчүлүк катмары Ковид-19 илдети менен ооруп чыгышты. Ден-соолугу чың, иммунитети жогору адамдар бул ооруну жеңил көтөрсө, өнөкөт оорусу бар адамдарга бул илдет терс таасирин тийгизет. Каза болгон адамдардын дээрлик 80% өнөкөт оорусу бар адамдар. Бул суроо менен үй-бүлөлүк дарыгер Айнура Аширалиевага кайрылдык.
Айнура Аширалиева- үй-бүлөлүк дарыгер
-Саламатсызбы, Айнура Советбековна.
-Саламатчылык
-Айтсаңыз, азыркы учурда Кочкор районунда эпидемиологиялык абал кандай?
-Кочкор району боюнча абал туруктуу, ооругандардын саны июль айына салыштырмалуу төмөндөп калды, бирок ооругандар дагы деле бар.
-Ковид-19 илдетинин өнөкөт ооруларга тийгизген таасири жөнүндө айта кетсеңиз.
-Бул оору өнөкөт ооруларга терс таасирин тийгизет, тактап айтканда өнөкөт ооруларды козгойт. Өзгөчө кант диабети, жүрөк кан-тамыр оорусу менен жабыркагандар жана кан басымы жогору адамдар үчүн абдан коркунучтуу. Айрымдары инсульт жана инфаркт ооруларына чалдыгышат. Өнөкөт оорусу бар бейтаптардын өпкөсү пневмония болуп калуу коркунучу чоң. Ошондуктан, биринчи кезекте ушул топтогу адамдар эмдөөдөн сөзсүз өтүшү керек. Мен өзүм дагы экинчи типтеги кант диабети менен ооруйм. Вакцинанын 1 жана 2-дозасын биринчилерден болуп алдым, азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Учурдан пайдаланып бардык жарандарды вакцина алууга чакыра кетем.
Кара- Суу айылынын тургуну Мээрим Кыдыкбаева 4 ай мурун коронавируска чалдыгып айыккан. Ал буларга токтолду:
«Кара-Суу айылынын тургунумун. Жашым 36да. Ушул жылдын май айында ооруп калдым, оору абдан оор өттү. Ал учурда вакцина ала элек болчумун. Дене табым көтөрөлүп сөөктөрдөн бери оорутту. Вирус башка өнөкөт ооруларды дагы козгоду. Мисалы, менин муун ооруларыма таасир берип, абдан кыйналдым. Дагы айтаарым, сөзсүз врачка кайрылып, анын көзөмөлүндө болуп туруш керек. Эч качан өз алдынча дарыланбагыла деп кеңеш айтат элем. Ал эми вакцина алганыма эки эле күн болду. Балким эмдөөдөн эрте өтсөм мынчалык кыйналбайт белем деп ойлойм».
Бакыт Кожокматов