Чүй облусуна караштуу Октябрское айылындагы Байтик Канай уулу атындагы орто мектептин окуучусу Аманат Агибаев Таиландда өткөн тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медальдын ээси болду.
Бангкоктогу WMF өтүлүүчү турнирде өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болгон Аманат Агибаев спорттко кызыгуусун таэквондо менен баштаган. Аманат бул спорттун түру менен 8 жыл машыгып, кара курга жетип, андан кийин «Муай-тай» жана «ММА» түрлөрүнө кызыгып калган. Аманаттын ата-энесинин айтуусу боюнча, анын бул ийгиликке жетүүсунө чоң энесинин салымы чоң. Жаш өспүрүмдү дүйнө чемпиону кылган чоң эне небереси жөнүндө сыймыктануу менен маек куруп берди.
Аманат Агибаевдин чоң энеси Роза Агибаева:
“Неберемдин спортко кызыгуусу 3-класстан башталды. Анын кыялына жетүүсү үчүн колумдан келген күч аракетимди жумшап келем. Кичинесинен неберем Аманатты спорттук ийримдерге, машыгууларга алып баруу мен үчүн чоң энелик милдет болсо экинчиден мен үчүн сыймык болуучу. Кудайыма шүгүр неберем Аманат боорукер, ак көңүл, жароокер өзгөчө бала болуп чоңойууда. Өз балаңдан дагы неберең өзгөчө жакын болот экен. Учурда неберемдин дуйнө чемпиону болуусуна төбөм көккө жетип сүйүнүп отурам. Аманатка машыктыруучусу Талгат Раимбеков 12-мартта башталуучу Бангкоктогу WMF турнирине чакыруу келгенде аябай кубандым. Бирок каржы маселеси ойлондурбай койгон жок. Ата-энеси айлыкка иштеген адамдар болсо мен пенсионермин, Аманатты кантип жиберем деген ой менен түнкүсүн тынч уктай албай калдым. Неберемдин жеңишке жетерин жүрөгүм сезди, ишендим. Аманат ата-энесинин гана эмес айылдын, кыргыз элинин уулу кыламын деген изги тилегим үчүн, демөөрчү издеп айыл башчыга барып кайрылдым. Тилекке каршы эч кандай жардам болбоду. Буга мен аябай ыза болдум. Болбосо ушул айылда чоң атасы 1930-жылдан бери жашап, айылда мал багып, эмгеги сиңип аты чыккан адам эле. Аманат чемпион болуп келсе биздин айылдын сыймыгы болоор деген үмүт менен барганмын. Чындыгында учакка билет алууга, андан башка дагы чыгымдары көп эле акча болот экен. Биздин ахыбалыбызды түшүнгөн тууган урук, аяш аталары, достору, жакшы санаалаштар жардам беришти. Өзгөчө мектептин директору Замира Рузбаевага өзгөчө ыраазы болдум. Жакшы сөздөрүн айтып, жылуу сүйлөп мектептин атынан жардам бере албаса дагы өз чөнтөгүнөн акчалай жардам берди.Ошол учурда небереме колдоо көргөзгөн адамдарга ыраазымын.Алардын ишеничин актап неберем дуйнө чемпиону болду.”
Эскерте кетсек өткөн жумада кыргызстандын спортчулары Таиландда өткөн тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта 8 медаль жеңип алышты. 12-20-мартта Бангкоктогу WMF турниринде кыргызстандын командасы жалпы 8 медаль — 5 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.
Алтын медаль алган жеңүүчүлөр:
Агибаев Аманат
Беккелдиев Дастан
Маликова Виктория
Асылбек кызы Адела
Кемелбаева Амалия
Күмүш медаль алган жеңүүчүлөр:
Саркалмаков Мирбек
Жаннет Пардаева
Ал эми коло медаль алган жеңүүчү:
Абдулин Ильяс болду.
Турсун Омуралиева