Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный (20-хутор) айылындагы орто мектепте көркөм өнөр ийриминин окуучулары «Таштандыдан киреше табуу» көргөзмөсү өткөрүлдү.
Көркөм өнөр сабагы мектеп окуучуларынын табитин тарбиялоого, сезимталдуулукка, ой-жүгүртүүгө, чыгармачылык алгачкы кадам жасоого, күч берүүгө, көркөм баалуулуктарды түшүнүүгө, дүйнөнүн көркөмдүгүн таанууга, өзүнүн жана башкалардын жараткан ийгилигин сезүүгө, айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүүгө, анализ чыгарууга, сызыктардын графикалык сүрөттөлүшүн элестетүүгө, нерселерди айрымалоого, көндүмдөрүн калыптандарууга багыт берет.
География сабагынын мугалими Радихан Вазиров:
«Айта кетсек адамзаты көөнө замандардан бери эле ар дайым сонундукка, асылдыкка, көркөмдүккө умтулган. Муну байыркы адам колунан чыккан нечендеген тарыхый-маданий эстеликтер айкындап турушат. Көптөгөн маалыматтарга таянсак, соңку палеолит доорунун башында гравирленген сүрөттөр, боёк менен тартылган сүрөттөр, рельеф жана тоголок скульптура пайда болгон. «Таштагы, сөөктөгү жана мүйүздөгү гравирленген сүрөт кремний кескич менен аткарылган; кээде жөн гана манжа менен
үңкүрдүн дубалына шыбалган чопого тартышкандыгын билебиз».
Көркөм өнөр ийриминин мугалими Оксана Чернева:
«Мага окуучулар менен көркөм өнөр ийримин өтүүнү аббдан жактырам. Сүрөт предмети мектепте окутулуучу предметтердин бири катары окуучуларга билим берүү, өнүктүрүү жана тарбия берүү милдеттерин камтыйт. Сүрөт искусствосунун мыкты үлгүлөрү менен окуучуларды тааныштыруу, көркөм маданият таануу илиминин негиздерине үйрөтүү , алардын эстетикалык табитин, чыгармачылык шыгын өстүрүү, эстетикалык тарбия берүү, бүткүл адамзаттык асыл нарктарды калыптандыруу, улуттук сүрөт искусствосун өстүрүүгө өбөлгө түзөт».
Чындыгында сүрөт сабагын өтүү менен, окуучулар маданий турмушту кеңири таанып, ошондой эле чыгармачылыкка болгон шыгын өстүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар.
Айдана Шарыпжанова