Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылындагы орто мектептин окуучулары үчүн «Балдарды интернет коопсуздугунан сактайлы» деген темада иш чара өтүлдү.Азыркы учурда балдарды Интернеттен коргоо өтө зарыл. Себеби баарынын колунда турган санарип доор. Бүгүнкү күндө кичинекей балдар да смартфондор жана планшеттер аркылуу интернетке кире алышат. Ошондуктан ата-энелер балдарына интернеттин зыяндуулугу жөнүндө маалымат берип, ар кандай онлайн коркунучтардан кантип коргонуу керектигин түшүндүрүү керек.
Бүгүнкү күндө жаш балдар интернетти онлайн режиминде оюн ойноп, кино же мультфильм көрүп, социалдык тармактарда достору менен пикир алышып жана ошондой эле үй тапшырмаларын аткарууда колдоно алышат. Бирок, алар интернеттин ар кандай коркунучтарын биле алышпайт. Учурда балдарга ата-энеден сырткары мугалимдер дагы интернеттеги коркунучтар жана интернет коопсуздугу жөнүндө билим берүүсү зарыл. Алар чоңдордун көзөмөлүндө болуп ачык сүйлөшүү өтө маанилүү. Ата-эне балдарга керектүү маалыматтарды ылгап берип турганы жакшы. Анткени балдар интернеттен көп маалымат алып жатканы талашсыз.
Мектептин тарбия завучу Иван Иванов:
«Ата-энелер балдарына ар кандай маалыматты жалгыз издөөгө уруксат бербеш керек. Алар электрондук шайманды чоң кишинин көзүнчө карап көрүү үчүн колдонгону оң. Жеке жашоосун коргоо жөнүндө үйрөтүп, уруксатсыз дарегин, телефон номерлерин, ысымдарын, жеке электрондук почта даректерин, бир туугандарынын маалыматтарын, ата-энелеринин жумуштарын жана башкалар сыяктуу жеке маалыматтарды эч качан бөлүшпөөгө үйрөтүш керек.
Интернеттеги достор менен таанышуусун ата-энеси дайыма көзөмөлдөшсө. Анткени интернеттеги достору менен жолугуу абдан кооптуу, алар педофилдер же уурдагандар болуп калышы да мүмкүн.
Ошондой эле калкып чыккан ар кандай терезелер колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуу үчүн онлайн алдамчылык болуп калышы мүмкүн. Ата-эне шектүү электрондук почта тиркемелерин, калкып чыкма терезелерди, жарнамаларды жана электрондук жаңылыктарды басуудан алыс болууга балдарга айтуудан эринбешсе.
Аларга интернетте эмнелерди жарыялаганын байкап, бир нерсе интернетке чыккандан кийин аны эч качан өчүрүүгө болбой тургандыгын айтуу керек. Балдар көзөмөлсүз онлайн режиминде соода кылуу абдан кооптуу»,-дейт Иван Иванов.
Чындыгында, жаш балдар көзөмөлсүз онлайн режиминде соода кылып, насыя картасынын деталдары менен камсыздалбаган сайтка кирип, каржылык маалыматтардын киберкылмышкерлердин колуна түшүп калгандар да жок эмес.
Турсун Омуралиева