Кыргызстандагы орто мектептердин дээрлик бардыгында коомдук уюмдар, анын ичинде кыздар уюмдары иш алып барышат. Постсоветтик мезгилде бул уюмдар кыздардын жүрүм-турумунан тартып окуусуна чейин тескеп, алардын жеке дүйнөсүнө чейин кийлигишкен уюм болгон. Ал эми азыр кыздар уюмдары заманга жараша башка өңүттө иш алып барышат.
Бул тууралуу Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебиндеги кыздар уюмунун жетекчиси Күмүш Мамаева мындай деди:
“Мектепте негизи эле коомдук уюмдар тарбия иштерин жүргүзүүдө класс жетекчиге, мектеп администрациясына жардамчы болушат. Анын ичинен кыздар уюмунун өзүнө тиешелүү аткаруучу иштери бар. Биздин иш баягы адат болуп калгандай кыздарды тескөө, алардын тартиби жүрүш турушун көзөмөлдөө эмес. Ошондой болгон күндө дагы кыздар менен жайынча эле сүйлөшүп, туура түшүндүрүп кеп-кеңеш беребиз. Бизде урушуп, тилдеп, ал кызды ортого алып чогулушка салмай, таламайга алмай деген жок».
Мектепте кыздар уюму аларга терс таасирин тийгизбейт. Муну ата-энелер да туура түшүнүп, колдоосу керек. Анткени кыздар дайыма активдүүлүгүн көрсөтөрүн М.Балбаков атындагы орто мектептин директору Азамат Дөөлөтбеков белгиледи.
“Бул иштер ата-энелерге байланыштуу. Анткени кыздар кандай иш-чара болбосун кыздар активдүү катышат. Алдынкы орундарга жетишүү үчүн мектептин намысын коргоп келишет. Мындан сырткары ата-эне мектеп окуучу болуп үч тараптуу жакшы иштерди алып барса болот. Кыздарга көп көңүл буруубуз зарыл. Алар зордук-зомбулукка кабылып калуусу ыктымал. Кыздар уюму мектеп жетекчилиги менен тыгыз иш алып барат. Ал абдан керек”.
Мектептерде кыздар уюмдарынын жетекчилигине адатта тажрыйбалуу, көптү билген мугалимдер бекитилет жана жылдык план иштелип чыгат. Кара-Ой айылынын тургуну Айнура Мураталиева кыздар уюмунда эски ыкма менен иш жүргүзүү болбойт деп эсептейт.
«Азыркы кыздарды мурдагыдай чектөө тилдөө менен уюмдун иши жүрбөйт, ал эски ыкма. Анткени заман башка. Ошол себептүү уюмда жаш өзгөчөлүгүнө ылайык билимин көтөрүүчү, багыт берүүчү, керек болсо турмушка даярдачу иш-чаралар, ата энелер менен бирге талкуулар өтүшү керек. Өз укугун коргоону, ар кандай кырдаалдардан чыгуунун жолдорун үйрөнсө жакшы. Албетте бул үчүн уюмдун жетекчиси өзү ар тараптуу өнүккөн адам болуусу зарыл».
Мектептердеги кыздар уюмдары иштерин мерчемге ылайык жүргүзөт. Чогулуштар, жолугушуулар, сынактар өтүп турат. Айрым учурда сырдашабыз деди Күмүш Мамаева.
“Кыздар чогулуш дегенде коркпой үркпөй эле келишет. Кыздардын жеке гигиенасы, ден-соолугу ж.б темалар тууралуу тренинг, медицина кызматкерлери менен жолугушуу, талкууларды уюштуруп турабыз. Кыздар менен сырдашып, апасына айта албаган, тартынган маселелерди жеке сүйлөшобүз. Ошол эле учурда купуялуулукту сактайбыз.
Азыркы санариптештирүү заманында окуучулар жаштардын жашоосу интернет менен тыгыз байланышта болуп калды жана ал жактан алар кандай маалыматтар менен акылын, интеллектуалын байытып жатканы белгисиз. Ошол себептүү кыздарга жакындан жардамчы болуучу, туура багыт берүүчү кыздар уюмдары керек.
Барчын Мамытбекова