Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебине башталгыч класстарынын окуучулары үчүн демөөрчүлөрдүн көмөгү менен заманбап спорт залдын курулушу башталат. Тактап айтканда мектепке таандык, бирок эч керекке жарабай турган эски имарат кайра жасалуу алдында турат. Мектеп директору Астра Токтогулованын маалыматына караганда мугалимдер жамааты кароосуз, эч керекке жарабай турган имаратты спорт зал кылып кайра жасоо боюнча демөөрчүлөрдүн сунушун бир добуштан колдоп беришкен.
“Кышында башталгыч класстын окуучулары спорт залга батпай дене тарбия сабактарын кабинетке өтүп жүрүшчү. Буюрса жакшы иш жасалганы турат. Демөөрчүлөрдүн айтымында спорт зал сентябрь айынын орто ченинде колдонууга берилиши мүмкүн. Мындан сырткары алар залдын оңдоп-түзөө иштерин дагы өздөрү көзөмөлдөп турушат”,- деди.
Ал эми Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев спорт залдын документтерин мыйзамдуу кылып, жасап бүтүрүп берүү жагын убада кылды.
Учурда спорт залдын долбоору чийилип, курулуш материалдары даярдалууда.
Барчын Мамытбекова