Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебине Көк карагай жана Тянь-Шань карагайынын 24 көчөтү отургузулду. Мектеп директору Астра Токтогулованын айтымында карагайлар демөөрчүлөрдүн жардамы менен алынып келинип, мугалимдер, кенже кызматкерлер, окуучулар жана Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, РБББнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин катышуусунда тигилди.
“Азырынча мектептен чыккан суу менен сугарып турабыз. Карагай тигилген жер жаңы имаратка кирүүчү аллея болот. Алар кийинчерек газон менен жашылдандырылып, фонтан менен сугарылма болот. Тамчылатма сугарууну дагы ойлонуштурабыз”,-деди мектеп директору.
Демөөрчүлөрдүн айтымында бир даана Көк карагайдын баасы беш миң сом, Тянь-Шань карагайы болсо он миң сом турат. Бир жылда 10см ашык өсөт.
Барчын Мамытбекова