Төлөк айылында Көк бөрү оюну көп жылдардан бери ойнолуп келет, бул ирет курама топту жаңыртуу максатында улуттук оюн жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
«Соң-Көл» көк бөрүчүлөр курама тобу эки топтон турат. 1-топ 40жаштан өйдөкүлөр, 2-топ орто муун. Ал эми бүгүнкү оюнда 3-топко мыкты оюнчуларды тандоо болгон. Бул топко жаштар тандалып алмакчы. Сиздер төмөндө сүрөттөрдөн оюн учурундагы мыкты элестерди көрө аласыздар.
Курама топтун башчысы Марат Дүйшекеев: «Бул оюнда мыкты 12 оюнчу тандалып алынды, аларды эми мыкты машыктырып, райондук оюнга алып барабыз»-дейт.
Хадижа Төлөбалдиева