Ак-Талаа районунда “Окуу керемет” долбоорунун алкагында максаттуу 15 мектептин башталгыч класстын мугалимдери үчүн окуу-тренинг болду. Анда мугалимдер окуучулардын сандарды түшүнүүсүн бекемдөө, арифметикалык амалдарды аткаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү, геометриялык жана алгебралык түшүнүктөрүн калыптандыруу жана маалыматтарды анализдөө көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында математика боюнча беш тереңдетилген окуу модулу менен таанышышты.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Нурзат Ыманбек кызынын айтмында жалпы 108 мугалим окуп, математика сабагын берүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү.
“Окуу керемет” долбоорунун уландысы катары өтүлүп жатат. Бул тренингдер башталгыч класстын мугалимдери үчүн пайдалуу. Алар үйрөнгөндөрүн, окугандарын өздөрүнүн сабактарында колдоно алышат”,- деди ал.
Мээрим Тентиева