Түп районундагы Тасма айылынын «Апал эне» балдар бакчасы ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан алгачкы ийгиликтерге жетишүүдө. Республикалык Манас таануу сынагынын райондук туруна катышып, 9 бала бакчанын ичинен биринчиликти жеңип алышты. Эми облустук тур 18-апрелде болуп, балдар райондун намысын коргоого даярдык көрүп жатышат.
«Мен Омурзакова Назира Султанбековна Карасаев айыл аймагынын «Апал эне» атындагы балдар бакчасынын жетекчиси болуп эмгектенип келе жатам. Бул бала бакча 2022-жылы ачылган жана 75 орундуу. Үч тайпа бар ар бир тайпада 25 баладан. Тарбиялануучулар менен 5 тарбиячы 1 музыкант эмгектенет. Чыгармачыл кыздарыбыз балдар менен тыгыз байланышта болуп көрсөтмөлүү сабактарды да өтүп келүүдө. Аз убакыт болсо дагы жакшы ийгиликтерге жетишип келе жатабыз».
«Республикалык өтүлүп жаткан Манас таануу сынагына райондук туруна катышып 9 бала бакча ичинен биринчиликти женип алдык. Абдан толкундануулар болду . Буюрса облустук туру 18-апрелде өтүлмөкчү. Биздин балдар Түп районунун намысын коргоп келишмекчи»,- дейт бала бакча директору.
Гулназ Жумагулова