Жаңы-Жер айылында сасык тумоо оорусу кайрадан куч алууда. Кыш мезгили аяктап күн жылуулап калганына карабастан айыл тургундары ооруканага байма бай каттап жатышат. Өзгөчө жаш балдарын көтөргөн же жетелеген ата-энелер кезекте. Сасык тумоо оорусу менен кайрылуу көбөйүп, айрыкча бул оору мектеп жашка чейинки жаш балдар көп катталууда.
Жаңы-Жер айылдык ооруканада дарыгерлер, медициналык кызматкерлер саналуу болсо дагы, айыл тургундары үчүн дайыма иш үстүндө. Ар биринин кабыл алуу бөлмөсүнүн эшик алдында кезек күткөн адамдардан бош орундук жок.
Бүгүнкү сурамжылоодо Жаңы-Жер айылдык оорукананын башкы дарыгери Шухрат Тажибаевдин айтуусу боюнча:
«Сасык тумоо оорусу менен бала-чакадан баштап кары-картаңдарга чейин кайрылып жатышат. Оорусун өтүштүрүп кетүүдөн эл кыйла коркуп, түшүнүп калышкан экен. Айыл тургундары убагында дарыгерлерге кайрылса бизге дагы жеңил болот. Азыр жаш балдар, өзгөчө мектеп жашындагы балдар сасык тумоо менен көп ооруп келип жатышат. Бирок өпкө оорусу (пневмония) менен жаш балдар катталган жок. Бул биздин айыл үчүн жакшы көрсөткүч».
Ал эми кийинки сурамжылоодо Жаны-Жер айылдык ооруканада көп жылдан бери эмгектенген мурдагы башкы дарыгер Медет Бостоев, «Оорулууларды кабыл алуучу иш бөлмөсүнүн алдында, адаттагыдай кезекте олтургандардын саны арбын. Кагаз иштерин толтурууда жанында бир эмес эки медайымы Айшат Шабанова менен Гулбара Адыранова тынымсыз иштөөдө» дейт:
“Сасык тумоого ар кыл курактагы адамдар чалдыгышы мүмкүн. Сасык тумоо инфекциялык оору болгондуктан, учурда бул оору менен келгендердин саны көбөйүүдө. Сасык тумоону козгоочу вирус, оорулуудан айланадагыларга аба аркылуу жугат. Ошондуктан коомдук жайларда, киши көп чогулган жерлерде маска тагынып жүрүш керек.
Ансыз да өлкөдө таажывирусу токтой элек. Колдон келсе зарыл жумушуң болбосо үйдө жылуу олтурган оң. Сасык тумоо учурунда өнөкөт оорулар өтүшөт, андан тышкары, сасык тумоо дагы башка ооруларды козгошу мүмкүн: Өпкө оорулары (бронхит, пневмония), дем алуу органдарынын иштөөсүнө кыйынчылык туудурат (отит, синусит, ринит, трахеит). Жүрөк кан тамыр оорулары (миокардит, перикардит). Нерв системаларындагы илдеттерди күчөтөт, андан тышкары организмде көптөгөн башка ооруларды козгойт.
Сасык тумоо эң башкы симптому бул дененин температурасынын көтөрүлүшү (39-40градус), чыйрыгуу, муундардын оорушу, бут дененин алсыздыгы, баш ооруу, жарыктан корку сезиминин пайда болуусу, көз чуңкурларынын оорушу, дененин тердеши.
Оорулуу адамдын табити төмөндөп, уйкусу бузулуп, оозу кургап, түш көрүп жатканда өзүнчө сүйлөнүп жөөлүйт.
Мындай клиникалык абалда, толук дем алуу системалары жабыркаганы көп байкалбайт, бирок, жөтөлүү пайда болуп, тамак кытышып, мурундун бүтүшү байкалат. Сасык тумоо оор учурларында мурундан кан агып, териде жылдызча формасында канталоолор пайда болуп, булчуңдар тырышып, эс-учун жоготуп коюуулар да кездешет. Көп учурда ооз-мурундун тегерегинде майда учуктар пайда болот.
Бирок айтып коюуу керек, сасык тумоонун мындай симптомдору бардыгында эле боло бербейт. Шартка ылайык, көп оорулууларда сасык тумоо өзүн ар кандай көрсөтөт. Ушуга себептүү, оорулуу адамдын абалы жеңил, орто жеңил, оор жана абдан оор абал болуп такталат.”
Ал эми “Жаны-Жер медициналык тез жардам” күзөт бөлүмүнүн диспетчери Ильмира Султанова:
«Биздин бөлүмгө түнкүсүн чакыруулар көбөйүүдө. Чакырууга ар кандай жаш курактагы оорулуулар телефон чалышат. Ийне сайдырууга келген адамдардын саны көп. Арасында жаш балдар дагы көбөйдү. Кээ бир күндөрү таң атканча тынбай иштеп калабыз. Быйылкы жылы алынган “Тез жардам” унаасы элдин кызматына жарап, убагында жетишип үлгүрүүдөбүз.»
Жаңы-Жердик лицейдин бүтүрүүчүсү окуучуларга азык- түлүк алып келди
Турсун Омуралиева