Акыркы учурда жыл мезгилине карабай тери оорулары күч алууда. Адистер анын негизги себеби туура эмес тамактануу, стресс, депрессия абалы экенин белгилешет. Адамда тери ооруулары бар болсо стресс болгон учурда өөрчүп кетет. Ошондой эле сырткы таасирден башка дагы ички органдар жабыркаган болсо териге чыгат.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, дипломго чейинки үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы тери жана венерологиялык оорулар дарыгери Мейкин Усубалиев териде өзгөрүүлөр болуп, тынчыңызды алып баштаса көңүл бурбай жүрүп албастан тезинен дарыгерге кайрылуу керектигин айтат:
“Бизде көп учурда тери оорулары пайда болуп баштаса кызарып, кычышып адамдар көңүл бурбай жүрүп алышат. Оорунун күчөп баратканын сырткы көрүнүштөн дагы байкаса болот. Мисалы: Мурун чоңое түшүшү мүмкүн, чеке, ээк тараптар кеңейип баштайт. Тери оорулары ички органдардын күзгүсү ашказан ичеги, боор, өт ооруган болсо териге ар кандай тактар пайда болушу мүмкүн. Андыктан теридеги өзгөрүүлөргө маани берүү керек.”
Мейкин Усубалиевдин айтымында акыркы мезгилдердеги экологиянын өзгөрүүсү тери ооруларынын көбөйүүсүн шарттады:
“Негизинен 2500 жакын тери оорулары бар. Алар инфекциялык жана инфекциялык эмес болуп бөлүнөт. Акыркы убакта аллергиялык оорулар көбөйүп кетти. Ошол эле күнгө туура эмес күйгөндөн дагы ар кандай көйгөйлөр жаралат. Күндүн алдында узак убакыт жүрүү териге зыяндуу болуп эсептелет. Күндүз 11:00-16:00 чейин күнгө күйбө керек бул учурда күн ачуу тийип ультра кызгылт нурларын төгөт. Онкологиялык жана эндокриндик оорусу барлар күнгө күйбөшү керек. Анан жай мезгилинде сөзсүз күндөн сактоочу кремдерди пайдалануу зарыл.”
Кошумчалай кетсек, Мейкин Усубалиев айрым тери оорулары өздүк гигиенаны туура сактабагандан пайда болоорун эскертет. Өзгөчө кеңири тараган буттагы грибок оорусун алдына алуу үчүн. Жалпы эл көп жерлерге барганда бут кийим менен жүрүү же андай жерде жүрүп келгенден соң бутту жууп өздүк гигиеананы сактоо зарыл.
Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ковиддин таасири 15%га чейин терини жабыркатышы мүмкүн. Ал айрым учурда жөн гана тери сезгентип , ыйлаакча жана бөрү жатыш сыяктуу түрдө чыгып калат. Ошондой эле теринин кургашы, чач түшүү, эриндердин кургап, жарылган учурлары болуп жатат. Бирок, муну акырындык менен калыбына келтирсе болот. Ковид учурунда же андан кийинки мезгилде организм сөзсүз түрдө калыбына келиши керек. Себеби ооруга чалдыкканда ар кандай дары-дармектерди колдонгонго туура келди. Булар териге таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле пандемия маалында жарандарды беткап тагынууга үндөдүк. Эгер адамдын терисинде ар кандай көйгөйлөр болсо, териде безетки анын турлөрү кездешсе аларды күчөтүшү мүмкүн.
Ковид-19 жана тамак-аш коопсуздугу
КОВИД-19 сактануу чаралары
Айгерим Кубатбекова